Сауд Арабиянын королдук үй-бүлө мүчөлөрү журналист Жамал Хашоггини өлтүрүүгө катышы бар деп айыпталган ханзаада Мухаммед бен Салман Аль Сауддун такты мурастап калышына каршы чыгышууда. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлоодо.
Агенттик өз булактарына таянып билдиргендей, королдук үй-бүлөнүн “ондогон ханзаадалары” так үчүн башка мураскор тандоого ниеттенишүүдө, бирок Сауд Арабиянын 82 жаштагы королу Салман бен Абдель Азиз Аль Сауд тирүү кезде кандайдыр бир кадамдарга барышпайт. Королдук үй-бүлөнүн мүчөлөрү король “сүйүктүү уулуна” каршы чыгышы күмөн деп эсептешет.
Айрым булактардын маалыматына караганда, королдук үй-бүлө Салмандын жалгыз иниси, 76 жаштагы ханхаада Ахмедди колдоону пландоодо. Анын талапкерлигин АКШнын жогорку кызматтагы чиновниктери да жактырган.
Буга чейин Washington Post өз булактарына таянуу менен ЦРУ Сауд Арабиянын мураскор ханзадасы журналист Жамал Хашоггини өлтүрүүгө буйрук берген болушу мүмкүн деген бүтүм чыгарганын жазган.
Саудиялык журналист Жамал Хашогги акыркы убакта АКШда жашап, Washington Post гезити менен кызматташып турган. Ал өз өлкөсүндөгү бийликти кескин сындаган журналисттердин бири болгон. Хашогги 2-октябрда Сауд Арабиянын Стамбулдагы консулдугуна барганда өлтүрүлгөн. Эр-Рияд алгач журналист консулдуктан чыгып кеткенин билдирип, бирок үч жумадан кийин анын өлтүрүлгөнүн мойнуна алган.
15-ноябрда Саудия прокурору журналисттин өлүмүнө күнөөлөнүп жаткан беш адамды өлүм жазасын тартууну талап кыларын жарыялаган. Ошол эле күнү АКШ Хашоггинин өлүмүнө тиешеси бар делген 17 саудиялык жаранга санкция киргизген. Бирок Саудия бул ишке мураскер ханзааданын эч тиешеси жок экенин билдирип келет.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ