Menu

Аудиторлор тажик энергохолдингинин иштөө мүмкүнчүлүгүнөн күмөн санашууда

Бөлүшүү:

Мамлекеттик «Барки точик» энергохолдингиндеги аудиттик текшерүүлөр компания 2017-жылы 3 миллиард 406 миллион сомони (360 миллион доллар) чыгым тартканын аныктады.

Аудитти кеңсеси Бухарестте (Румыния) жайгашкан MOORE STEPHENS KSC ASSURANCE SRL компаниясы жүргүзгөн. “Азаттыктын” тажик кызматы текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу документтин көчүрмөсүн 20-ноябрда алды.

Документте энегргохолдингдин ишмердүүлүгүндө суроо жараткан олуттуу жагдайлар бар экени белгиленип, үзгүлтүксүз иштөөгө кудуретсиз экени ишаара кылынган.

«Барки точик» энергохолдингинин ишмердүүлүгү жыл сайын чет өлкөлүк аудиттик текшерүүдөн өтүп турушу керек. 2008-жылы Эл аралык валюта фонду бөлүнгөн каражаттар максатсыз пайдаланылганын аныктагандан кийин дал ушундай шарт койгон.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: