Ашхабадда бардык соода түйүндөрү спутник антенналарын сатууну толугу менен токтотушту. “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, жарым жылдан бери “тарелкалар” мыйзамсыз түрдө сатылып келген.
Соодагерлердин айтымында, шаар бийлиги спутник антенналарын сатууга тыюу салган жана баш ийбегендер жазаланарын, анын ичинде соода кылууга укук берген документтерин алып коерун эскерткен.
Быйыл февраль жана март айларында Ашхабаддын четиндеги 200дөй коттеж үйлөрдүн ээлери өз алдынча орнотулган спутник антенналарын алып салууга мажбур болушкан. Бийлик антенналар шаардын көркүн бузарын айтып келет.
Бул аракеттер түркмөн элине тышкы дүйнө, эл аралык коомчулуктагы маалыматтарды көрсөтпөө аракети катары сыпатталууда.
Спутник антенналарынын баасы 300 манаттын (Түркмөнстан Борбордук Банкынын курсу боюнча 8.5 доллар) тегерегинде.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ