Menu

Гайдар институту: Орусияга келген мигранттардын саны өстү

Бөлүшүү:

Орусияда миграциялык агым 2019-жылдын биринчи жарымында 98 миң кишини түздү. Бул акыркы он жылдагы эң жогорку көрсөткүч.

Бул тууралуу Гайдар институту менен Эл чарбасы жана мамлекеттик кызмат академиясынын “Орусиянын экономикалык абалына байкоо” баяндамасында айтылат. Эксперттер чет өлкөлүк эмгек мигранттарынын саны көбөйгөнүн, бирок мыйзамдуу түрдө иштеп жаткандардын саны кыскарганын белгилешүүдө.

Иликтөөлөргө ылайык, негизинен Орусияга Казакстан, Украина, Тажикстан жана Армения жарандары иш издеп келишет. Өзгөчө армениялык жана украиналык мигранттардын саны өстү. Беларус жана Молдавия жарандарынын саны кыскарды. Кытай, Сербия жана Сириядан да жумуш издеп келгендер көбөйүүдө.

2018-жылы Орусияга 125 миң киши келген, бул соңку жылдардагы эң төмөнкү көрсөткүч.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: