Бишкекти айланып өтүүчү жолдо Mercedes-Benz Sprinter жана Toyota Estima унаалары сүзүштү. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы бүгүн, 6-март күнү билдирди.
Такталгандай, жол кырсыгы кечээ болжол менен саат 22:30дө айланып өтүүчү жолдун 43-чакырымында болгон. Кырсыктан эки унаанын 51 жаштагы жана 25 жаштагы айдоочулары жабыркашкан.
Автоунаалар айып короосуна киргизилип, жол кырсыгынын себептери такталууда.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ