Menu

КТРКдагы иш таштоо боюнча анын жетекчиси Илим Карыпбеков пикирин билдирди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 21-ноябрда Кыргыз Республикасынын Коомдук теле-радиоберүү корпорациясынын айдоочулары иш ташташкан болчу. Бул акциянын чоо-жайы тууралуу аты аталган мекеменин жетекчиси Илим Карыпбеков өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

“Урматтуу достор!

КТРКнын структурасында “Республикалык радио-телецентр” РРТЦ деген өзүнчө юридикалык уюм иш алып барат. КТРКнын структурасында болгону менен, бул уюм өзүнчө мамлекеттик мекеме болуп эсептелет. КТРКнын автотранспорттору дагы бул мекемеге тиешелүү. Кыскасы КТРКны транспорт жана техника менен камсыз кылган уюм.

Бүгүн чынында эле бул уюмдун шоопурлары кызматка чыгуудан баш тартышкан. Мен жыйын ордуна барып, шоопурлар менен жолугушуп, алардын негизги талабын угуп келдим. Негизги талабы – гараждын башкармасы Рерих Абакировду кызматтан убактылуу кызматтык теришитирүү учурунда четтетүүгө каршы чыгышкандыгын билдиришти.

Азыркы тапта КТРКда КТРКнын РРТЦ структуралык мекемесинин автотранспорттук гаражынын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Бул комиссия өзүнүн ишин аяктап чыга элек. Комиссиянын иши ар-тараптуу, объективдүү болуусу жана Комиссиянын ишине аркандай тоскоолдуктар болбошу үчүн Р. Абакировду убактылуу гараждын башкармалыгынан четтетүү чечими кабыл алынган. Бул чечим менен макул болбостон, шоопурлар кызматка чыгуудан баш тартышкан. Шоопурлар менен чогулуш болуп бүттү. Алардын дооматтарын угуп, Р. Абакировду убактылуу четтетүү чечими жокко чыгарылып, КТРКнын РРТЦ структуралык бөлүмүнүн автотранспорттук гаражын текшерүүгө расмий укук коргоо органдарын жана КР Эсеп Палатасынын адистерин чакыруу чечими кабыл алынды. Бул тапта жыйын бүттү, шоопурлар өз ишине киришти. Бул КТРКнын күнүмдүк иштеринин бир учуру. Мындай маселелер ар бир жумушта болот жана бул м. аселелер мыйзам чегинде өз учурунда каралып турат”, – деп жазган Илим Карыпбеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: