Menu

Ашхабадда газ эсептегичтер сапатсыз орнотулууда

Бөлүшүү:

Учурда Ашхабадда газ эсептегичтер шашылыш орнотулуп жаткандыктан, сапаты начар болуп, үйлөрдө газ сызылып чыккан учурлар кездешүүдө. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы жазды.

Маалыматка караганда, учурда жумуш өтө көп болуп, «Ашхабадгаз» ишканасынын кызматкерлеринен тышкары өз алдынча үйрөнгөн жарандар дагы эсептегичтерди орнотуу менен алектенишүүдө.

«Ашхабадгаз» эсептегичтерди 258 манат 91 теңгеден (Түркмөнстан Улуттук банкынын курсу боюнча $1 – 3.5 түркмөн манатына барабар) сатып жатат. Мунун ичине орнотуу акысы дагы кирет. Адистер жетишпегендиктен, аймактардан келген өз алдынча үйрөнгөн жарандар дагы муну менен алектенип жатышат. Алар орнотуп кеткенден кийин үйлөрдө газ сызылып чыккан учурлар катталууда. Кайрадан «Ашхабадгаздын» кызматкерлерин чакыртып оңдотууга мажбур болуп жатабыз. Аларды дагы бир нече саат күтүүгө туура келүүдө», — деп билдирди шаар тургундарынын бири.

Өлкөдө массалык газ жана суу эсептегичтерин орнотуу иштери быйыл октябрда, өкмөт коммуналдык кызматтар үчүн каралган жеңилдиктер жоюлганын билдиргенден кийин башталган. Өлкө калкы 1993-жылдан бери газ менен сууну бекер пайдаланып келген.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 67 = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: