Menu

Трамп мунай баасынын төмөндөгөндүгү үчүн Сауд Арабиясына ыраазычылык билдирди

Бөлүшүү:

АКШнын президенти Дональд Трамп мунайдын арзандагандыгы үчүн Сауд Арабиясына ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, Эр-Рияддын аркасы менен бир баррель мунайдын баасы 82 доллардан 54 долларга чейин төмөндөдү.

20-ноябрда Brent үлгүсүндөгү мунайдын бир баррели 62,5, ал эми WTI үлгүсүнүкү 53,5 долларга чейин төмөндөгөн. Ал күнү Трамп АКШ менен батыш өлкөлөрү журналист Жамаль Хашоггинин өлүмүнө Саудия бийлигинин тиешеси болушу мүмкүн деп күмөн санап жатканына карабастан, Эр-Рияд менен жакшы мамилени сактап калууну каалай тургандыгын билдирген.

Октябрдын башында эле Brent мунайынын бир баррели 82 долларга, WTI 73 долларга чейин кымбаттаган.

Акыркы жылы мунайдын дүйнөлүк баасы АКШ Иранга каршы санкция киргизиши мүмкүн деген кооптонууларга, ошондой эле ОПЕК өлкөлөрүнүн мунай казууну азайтууга багытталган макулдашуусуна байланыштуу жогорулап келген.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 8 = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: