Чынбы-калппы, «Алтын ордонун» ортосунда болбогон соң, «ооба, ошондой экен» деп ишенимдүү түкшүмөлдөгөндөн алыспыз. Ошентсе да «шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт» дегендей Казакстан тараптан согуп жаткан «желдин» илебинен улам, ал тараптагы айтылып жаткан пикирлерди да бир туруп 100 пайыз жокко чыгара албадык. Ал мындай: жакында учурдагы казак бийлигине оппозиция катары саналган «Казакстандагы демократиялык шайлоо» партиясынын лидери, азыркы тапта алыскы чет өлкөлөрдүн биринде баш паанек кылып жүргөн олигарх Мухтар Аблязов өзүнүн Facebook баракчасына «Казакстандын лидери Нурсултан Назарбаев мамлекет башчылыгына болгон чукул шайлоону өткөрүүгө даярданып жатат. Ал шайлоодо өзүнүн негизги мураскери катары улуу кызы Дариганы башкы бийликке алып келүүгө аракеттенүүдө» деген маанайдагы пикирин жазып чыкканы себеп болду.
Албетте, бул оппозициялык көз караштагы адамдын кандайдыр бир максатты көздөгөн аракети да болушу мүмкүн. Бир чети андай эмес деп такыр эле чийип салууга да болбос. Анан калса Нурсултан Абишевичтин да карылыктын дооруна келгени жалган эмес. Ал киши 6-июлда 78 жашка толуп, 79 жаштын чайын ичүүдө. 1990-жылдын 24-апрелинен бери Казакстан бийлигинин биринчи кишиси. Мындайча айтканда, 28 жылдан бери бийлик башында… Анан да бабалардан калган улуу сөз бар, «бу жашоодо түбөлүккө түркүк болуп эч ким калбайт» деген. Анын сыңарындай, Назарбаевдин ички жан-дүйнөсүндө «менден кийин Казакстанды ким башкарат?» деген суроо өзгөчө акыркы жылдары ой-санаасын мыжып турганы да жашыруун эместир? Анан калса, бийлик деген оңой нерсе эмес, аны ар бир лидер жөн эле колунан чыгарган да эмес, чыгаргысы да келбесе керек?
Ырас, Назарбаевдин башкы бийликтен кетүүсү геосаясатта да, айрыкча КМШ жана Орто Азия чөлкөмүндө, Казакстандын өзүндө чоң таасирин тийгизбей койбойт. Макул, мисалы, Нурсултан Назарбаев бийликтен кетүүгө камынып жатыптыр деп коелу. Анда, анын ордун ким басат? Эч ким так, даана жооп бере албаган суроо. Ал тургай, бул маселе боюнча чет элдик маалымат каражаттары да айрыкча соңку учурларда аталган маселеден четте калбай, өздөрүнүн ой-божомолдорун айтып да, жазып да келишүүдө. Алсак, жакында америкалык «The Dipljmat» басылмасы да өз ойлорун жазып чыгышты. Анда, аталган басылма «Назарбаевдин мураскери ким болушу мүмкүн?» деген суроонун айланасында Казакстандагы бийлик пирамидасындагы бир нече адамдардын ысымын болжолдуу атаптыр. Алар: Касым-Жоомарт Токаев, Карим Масимов, Имангали Тасмагамбетов, Тимур Кулибаев жана Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаева.
Анда ушул аталгандарга саресеп салып көрсөк:
Касым-Жоомарт Токаев. Учурда Казакстан парламентинин Сенатынын төрагасы. Казахстандагы башкы бийликтин экинчи адамы. Эгерде, непадам президент өлкөнү башкарууга мүмкүнчүлүгү болбой калса, өлкөнүн Конституциясынын негизинде бийлик дал ушул кишинин колуна автоматтуу түрдө өтөт. Бирок, ал киши туурасында аталган өлкөнүн ички саясатында анчалык деле «жарк!» этип жасаган иштери эл оозунда көп айтылбайт дешет. Экинчиден, жаш курагы да маселе жаратып коюшу мүмкүн дешүүдө. Касым-Жоомарт Токаев азыр 65 жашта.
Экинчи айтылып жаткан фигура- Карим Масимов. Казакстанда эки жолу премьер-министр болгон. Учурда Казакстан Улуттук Коопсуздук Кызматын жетектейт. Бул адам ички-тышкы саясатта да жөндөмдүүлүгү кең экени, ошол эле учурда Кытай, Россия сыяктуу чоң өнөктөштөр менен тил табыша алаары айтылат. Ошондой эле экономикалык маселелерге келгенде да казак бийлигиндеги мыктылардын бирден-бири экени катары саналып келет. Бирок, анын бир минусу- улуту уйгур экенинде. Мындай учурда бул Казакстандын эли үчүн чоң маселе. Буга далил катары 1986-жылдын декабрь айындагы Желтоксон окуясын алсак болот. (Москва тараптан Казакстандын бийлик башына Геннадий Колбинди алып келген окуя, андагы жаңжал, жалпы элдик толкун…) Демек, бул инсанды башкы бийликке алып келүү опурталдуу окуяларды жаратып коюшу мүмкүн?
Дагы бир талапкер Имангалы Тасмагамбетов. Мамлекеттик жана коомдук ишмер. Саясий илимдеринин доктору. 2017-жылдын 3-февралынан тарта Казакстандын Россиядагы элчиси. Анын иш билгилигинен уламбы, айтор бул мырза көпчүлүктүн оозунда мамлекеттин кийинки башчысы болууга чоң шансы бар экени айтылып келет. Казакстандын бийлик пирамидасында да өтө күчтүү фигуралардын бири экени көп айтылат. Нурсултан Абишевич анын эл оозуна алынган терең кадыр-баркынан чочудубу же айтылбаган башка себептери барбы, айтор, күтүүсүздөн эле 2016-жылдын аягында Тасмагамбетовду элчиликке айдап жиберет. А мындай шартта ошол эле Казакстандын Башкы мыйзамында «журт башчы болчу киши акыркы 15 жыл ичинде сөзсүз түрдө Казакстанда жашашы керек» деген норма анын башкы так үчүн ат салышууга тоскоолдукту мыйзам алкагында жаратышы толук мүмкүн дегендик.
Эми дагы бир талапкер бул- Назарбаевдин карачечекей кызы Дарига Назарбаева. Канчалык болгон күндө да бул айымдын чоң саясий оюндарда анчалык терең такшалбаганы, экинчиден жыныстык жактан да караганда калдайган казак эли үчүн анчалык ишенимдүү ийгиликке жетпей калышы азыр деле, буга чейин деле айтылып келген. Нурсултан Абишевичтин күчү менен түртмөлөгөн күндө да ал айымдын бийликтеги эң жогорку чеги- өлкөнүн премьер-министирлигине чейин жетиши мүмкүн экени айтылып келет. Бирок, ал аракет деле анын ошондой даражага жетүүсүнө толук кепилдик жок экенин эркин саясий эксперттер ар убак божурап келишүүдө.
Ошондой эле дагы бир мураскер болчу талапкерлердин катарында Нурсултан Назарбаевдин ортоңку кызы Динара Назарбаеванын күйөөсү, 52 жаштагы бизнесмен Тимур Кулибаевдин ысымы да айтыла калууда. Ал тургай анын Казакстандын кийинки президенти болууга уникалдуу мүмкүнчүлүгү бар экенин айткандар да аз эмес. Өз ишине тың, мыкты башкаруучу деп сыпатташат экен аны. Ошентсе да жалпы карапайым казак эли Тимур Кулибаевдин коомчулукта кара так сыяктуу калган окуясы чоң тоскоолдукту жаратып коюшу мүмкүн экенин да эстен чыгаргылары келбегендей. Ал- 2011-жылдын декабрында болгон Жаңы-Өзөн жаңжалы. Анда, эмгек акыларын жана иш шарттарын жакшыртуу талабы менен нефтичилер митингге чыгат. Бирок ал митингде жумушчулар менен бийликтин ортосунда тиреш чыгып, натыйжада ал кагылышууда бейкүнөө 14 жумушчунун набыт болгонун Жаңы-Өзөндүктөр Кулибаевдин аракети менен болгон деп келишкенинде…
… Кыскасы, Казахстанда башкы бийликти алмаштыруу учуру кокус чындап эле келип калса, кошунабыздагы биринчи бийликтин алмашуусу Өзбекстан менен Түркмөнстандагыдай жеңил ыргакта кетпеши да мүмкүн болчудай? Мындай түкшүмөл ой Тажикстанга да тиешелүүдөй туюлат… О, бийлик! Неси болсо да аягы жакшылык менен эле бүтсүнчү?
Күлчоро Кабылов
Булак: «Айгай-пресс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ