Menu

Азимбек Бекназаров, мурунку башкы прокурор: «Жети жыл бою Матраимов Атамбаевдин колунда иштеп жүрдү»

Бөлүшүү:

– Азимбек Анаркулович, досуңуз Атамбаевдин маегинен кийин айтчу сөз барбы? Баары эле Атамбаев Жээнбековду катуу согуп алды, саясий упайды топтоп баштады деп жатышат, сизде кандай ой жаралды?

– Ушул маселе боюнча кечээ эле “Марал” радиосуна барып, өз пикиримди айттым.  Ошол сөзүмдү дагы деле кайталап берсем болот. Бул билдирүүсү менен Атамбаев саясий упай топтой алган жок. Тескерисинче, ким экенин көрсөттү. Утулду ал. Атамбаевдин айтканы мурунку эле эски сөздөр. “Мен аппак тазамын, калган баары мокочо” деген гана сөз болду. Атамбаевдин ушул билдирүүсүнөн өкүнүч, кетирген катасын мойнуна алуу, азыркы президентке менин кетирген каталарымды кайталаба деген президенттик деңгээлдеги сөздү айтат экен десем, мурунку эле биз көнүп калган “Булар акмактар, уурулар. Мен бай, алар кембагал болчу. 2010-жылдан кийин байып кетти” ушул эле сөз. Башка сөздү уга албадым. Ушул сөздү айтканына Атамбаев эмес, мен абдан өкүндүм. Бул деңгээлден жогору турган сөздү айтса керек деп күткөм. Алты жылда парламенттик системаны ишке ашыра албай бузуп койдум, президенттик жеке башкарууну киргизип алдым. Эч кандай реформа жүргүзбөдүм. Өзүмдүн шоопурларым, жансакчы, катчыларымды бийликке алып келдим, аягы жакшы болгон жок” деген аянычтуу сөздү айта алган жок.

– Сиздин Матраимовду кызматка алыпсың деп 2010-жылы Атамбаев менен телефондогу сүйлөшкөнүңүз жарыяланып кетпеди беле. Анда Атамбаев Матраимовду коргогон болчу. Эми болсо аны Жээнбековго түртүп жатат. Таң калган жоксузбу?

– Илмиянов, Сүйүмбаев жөнүндө айтканы менен эки гана адамга күйгөнүн билдирди. Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовго, калгандары жазасын ала берсин деген ойду айтты. Өзүнүн баласындай болгон шоопурга дагы жаны ачыганын билдирген жок. Исаков, Кулматов, Илмияновдордун баардыгы жеке Атамбаев үчүн иштегендерин бир заматта унуткандай болду. “ТЭЦтеги коррупцияга Жээнбеков күнөөлүү, өзүнүн күнөөсүн жаап-жашырыш үчүн Сапар Исаковду камады, кептин баары Матраимовдо”  дебедиби. Матраимовго шылтай турган ким ал? Кеселдин баары Матраимовдо жатат дегенди айтты. Мен абдан таң калып жатам. Мындан жети жыл мурда дал ушул Матраимов тууралуу Атамбаев экөөбүздүн ортобузда сөз болду эле. Ошондо мени мокочо кылып, Жээнбековду сөккөндөй мени сөктү эле. Анда Матраимов менен Кулматовго болушкан. Бүгүн таптакыр тескери болуп жатат. Жети жыл бою Матраимов Атамбаевдин колунда иштеп жүрдү. Сооронбай президенттик ишине кирерге бир күн калганда Матраимовду кызматтан бошотуп, ошондон баштап ал “супер коррупционер” болуптур. “Супер коррупционер” менен жети жыл эмне үчүн иштеди? 2010-жылы Сооронбай “Муну эл кууп жиберсе, силер кайра алып келип койдуңар” деп чыккан. Анын сөзүн Атамбаевге айтам деп Матраимов үчүн мен душман болгом.  Эми Матраимовду Жээнбековго төңкөрүп жатат. Жети жыл кайжакты карап жүрдүң?

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 34 = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: