Menu

Прокурордун өлүмү же Баткен Кыргызстандын Сицилиясына айландыбы?

Бөлүшүү:

Өткөн жекшемби күнү, 18-ноябрда Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун кыйнап өлтүрүлгөн денеси Баткен шаарынын четиндеги Төрт-Гүл суу сактагычынын Тажикстан менен чектеш аймагындагы ээн сайдан табылышы бир эле бул аймактын эмес, бүтүндөй республикабыздын калкынын төбө чачын тик тургузду.

Ооба, биздин азыркы “кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты”, — ​деген башаламан заманда адам өлүмү деле эч кимди таң калтырбай калды. Андай кылмыштар күн сайын маалымат каражаттарынан тынбай берилип, көнүмүш адатка деле айланып бүткөн. Туура, эртеси күнү Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Баткенге барып, облус прокурорлору менен жабык жыйын өткөрдү. Анын жыйынтыгында Баткен облусунун прокурорунун орун басарлары, бөлүм башчылар жана Баткен районунун прокурору кызматтан алынды.

Маркумдун денеси кичи мекени Чоң-Алайга жеткирилип, жерге берилди. Анын артында 4 баласы калды. Маалымат каражаттарына өлкөдөгү 800 прокуратура кызматкерлери ар бири бир миң сомдон жардам кылары айтылды. Сыягы, ушуну менен бул чуулгандуу кылмыш деле басты-басты болуп унутулуп калат окшойт.

Бирок бүтүндөй бир облусттун күч кызматтарын көзөмөлдөгөн, мыйзамдуулуктун сакталышын текшерген органдын жетекчисинин өзүнүн ит аткандай өлтүрүлүшү ойлонто турган жагдай эмеспи? Республикабыздын эң алыскы, кооптуу аймагында облус прокурору ушундай мыкаачылык менен өлтүрүлүп атса, анда карапайым калктын укугун ким коргойт? Керек болсо бул окуя жалпы бийлик органдарында аскердик термин менен айтканда “Тревога № 1” жаратып, алардын өздөрүндөгү тартип жана мыйзамдуулуктун сакталышы дыкат текшерилиш керек болчу. Себеби бизде акыркы мезгилде ИИМ, Коргоо министрлиги сыяктуу тартип менен мекен сакчылыгын көзөмөлдөгөн министрлик, ведомстволордун өздөрүнүн кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери көп кайталанууда.

А. Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары тез эле облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Мелис Калыков кармалды. Азыр ал баш коргоо чарасы эки айга камакка алуу менен убактылуу абак жайга отургузулуп, сурак берүүдө. Мындан тышкары дагы алты прокуратура кызматкерлери да күбө катары суралышууда.

Көрсө, каргашалуу окуядан бир күн мурда алар баары аңчылыкка чыгышкан экен. М. Калыковдун апасы Гүлбара Абдрашитованын айтуусунда, маркум облус прокурору анын уулун “аңчылык уюштуруп бер” деп өзү алып кетиптир. Мындан тышкары Г. Абдрашитова прокуратуранын ушунча сандагы кызматкерлери жетекчисин коштоп жүрүп мас абалдагы адамдын машинасына салып беришкендигине таң калып, кер-мур айтышкан учурда эле алып кетишсе боло тургандыгын кошумчалады.

Демек, аңчылыкка чыккан прокурорлор арак ичип, мас болушкан жана ичке жинди суу кирип, башты айланткан соң өздөрүн көзөмөлдөй албай, кер-мур айтышуунун аягы трагедиялуу аяктап отурат. Ушул жерден айта кетүүчү дагы бир сөз, карапайым эл эс алуу эмне экендигин билбей, кара жанын карч уруп иштеп аткан учурда булар дем алыш күндөрү ак сөөктөрчө чартаңбай тээп чардап, арак ичүүнү көнүмүш адатка айландырып алышкан тура. Эмне үчүн Башкы прокуратура өзү, Коопсуздук кеңеши жана башка облусттук жана республикалык деңгээлдеги жетекчилер өздөрү мыйзамдуулукту көзөмөлдөгөн органдардын кызматкерлери менен жетекчилеринен тартипти сактап, мыйзамдын чегинен чыкпоо тууралуу, карапайым элге үлгү көрсөтүү боюнча алдын ала көрсөтмө беришкен эмес? Бул көрүнүш дагы бир ирет бизде мамлекеттик жетекчилердин кызматтык этиканы мындай кой, устав, мыйзамды да уруп ойнобой калган анархиялык көрүнүш өкүм сүрүп калгандыгын каңкуулап турган жокпу?

Ал арада маалымат каражаттарынын бирине А. Мамажакыповдун тирүү кезинде түштүктүк жарандык активист Роза Мамановага ишинде көп тоскоолдуктар болуп жаткандыгы тууралуу айткан сөзү жарыяланды. Анда ал кол астындагы кесиптештери менен күрөшүп жаткандыгын билдирген.

– 2018-жылы 18-октябрда анын кабыл алуусунда болдум, — ​дейт Маманова. — ​Сүйлөшүү учурунда мен ага Кызыл-Кыянын экс-вице-мэри Мамыт Ботоев менен соттошуп аткандыгымды айттым. Мурда мени мыйзамсыз камашкандыгын тактадым. Ал сөзүмдү угуп, менин ишимди караган прокурор Нурлан Өмүрбек уулун чакырып, аны мен тараптан келтирилген жүйөөлөрдү карабагандыгы үчүн урушту. Мен ошондой эле аэропорттун айланасындагы жер тилкелеринин мыйзамсыз сатылгандыгын да айттым. Ошондо Анарбай Мамажакыпов мага баарын көрүп тургандыгын, бирок иштетпей атышкандыгын айтты. Ал мага ушундай мыйзам бузуулар тууралуу айтып туруумду суранып, жеке номерин берди. Жарандык активист Мамажакыповдун өлүмүнө кесиптештери да аралшкан болушу мүмкүн деген ойдо.

Бүгүнкү күндө Баткен облусу Афганистандын Европа, Россия, АКШ мамлекеттерине ташылган маңзат коридорунун бир жолу экендиги белгилүү. Мындан тышкары республикабыздын түндүгүнөн Тажикстанга күн сайын жүздөгөн 30–40 тонналык күйүүчү май ташыган машиналар өтүп турат. Прокуратура мындай миллиондогон доллар менен айланган аткезчилик жүктөрдөн өз “үлүшүн” алып турары да жашыруун эмес.

Көңүл бура турган дагы бир жагдай, А. Мамажакыпов Баткен облусуна прокурор болуп ушул жылдын май айында дайындалган. Демек, жарым жыл гана иштеген аралыкта ал мурда “карт бөрүгө” айланган өзүнүн кол астындагы прокурорлор жана башка жергиликтүү жетекчилер менен “тил табыша” алган эмес же мыйзамдуулукту сактап, алардын жайытын тарыткан.

Дегеле, жогоруда айтылган маңзат жана мунай аткезчилигинин тегерегинде болуп жаткан иштерден улам бул аймакта атаандаштардын бири-бири менен “разборкалары” көп кайталанып, акыры атышууга чейин жетүүдө. Бир жыл мурда Кызыл-Кыяда мыйзамсыз көмүр казган эки жигит чак түштө кадимки кинодогудай атышкандыгы учурунда маалымат каражаттарына жазылган. Өткөн жумада эле Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн төрагасы артына атылган октон Тажикстандын Гафуров шаарында өзүнө келбей каза болду. Расмий эмес маалыматтар боюнча, ал да Тажикстанга аткезчилик жол менен бензин, дизель сатып, атаандаштары тарабынан эскертүү иретинде артына ок атылган.

Кыскасы, Баткен облусу, айрыкча кошуна Тажикстан менен чектешкен айылдардын жашоочулары аткезчилик иштер менен шугулданып, Кыргызстандын Сицилиясына айланып кеткен. Ал эми жергиликтүү жетекчилер менен укук коргоо органдары ири суммадагы акча айланган бул иштерден өз “үлүшүн” алышат же ал “тартипке” баш ийбегендеринин көзү тазаланат…

К. Жолдошов

Булак: «Жаңы Ордо»

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: