Menu

Садыр Жапаровдун түрмөдөн жазган каты

Бөлүшүү:

Садыр Жапаровдун түрмөдөн жазган катын бүгүн, 24-мартта өткөн курултайда анын партиялашы Б.Апсатаров окуп берди:

Урматтуу курултайдын катышуучулары!
Уюштуруучулар тарабынан бүгүнкү жыйналышта биздин «Мекенчил» партиясынын жана лидерибиз Садыр Жапаровдун курултай боюнча көз карашын билдирип коюубузду сураган элеңиздер. Анда эмесе Садыр Жапаров өзу жазып, берип жиберген пикирин окуп берүүгө уруксат этиңиздер.

Урматтуу замандаштар!

Урматтуу курултайдын катышуучулары!

Биринчиден, курултай институту боюнча менин көз карашымды билдирип коюуну сураганыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдиремин. Экинчиден, сиздердин убактыңыздарды албай, дароо эле ишке өтөюн.
Курултай институту сөзсүз баш мыйзамга кириш керек.
Баш мыйзамды алмаштырып, өлкөнү башкаруу системасын түп тамырынан бери өзгөртпөсөк болбойт. Бүгүнкү бири-бирин кайталаган башкаруу система менен эч качан алдыга жылбайбыз. Алакандай Кыргызстанды президент өзү башкарыш керек. Мамлекеттин, элдин келечек тагдыры үчүн жоопкерчиликти бир киши мойнуна алыш керек. Бүгүн сан жеткис байлыгыбыз уурдалып кетип, жаратылыштарыбыз талкаланып жатканда, аларды токтотуш үчүн өлкөдө бир кожоюн болуш керек.
Парламент 55 депутаттан ашпай, бир мандаттуу округдардан шайланып келиш керек. Алар мыйзам чыгарып, ошонун аткарылышын гана көзөмөлгө алыш керек. Кадр маселелерине кийлигишпеш керек. Кадр маселесин айыл өкмөттөрүнө чейин президент өзу коюп, ар-бир кадрдын кетирген кемчиликтери, жасаган кылмышы болсо, өзу койгон кадрына эл алдында керт башы менен өзу кошо жооп бериш керек.
Сегиз эле министрлик болуш керек.
Башкаруу системасы үч эле баскычтан туруш керек.
1. Президент
2. Губернатор (же район акимдери)
3. Айыл өкмөттөрү.
Курултай жылына бир жолу баардык аймактардан эл тарабынан шайланып, 2000 кишиге чейин чогулуп, президент менен парламенттен отчёт алып туруш керек. Эгер отчётторуна канаатанбаса отставкага кетирип, жалпы эл тарабынан жаңы шайлоо болуш керек. Мына ошондо гана накта эл көзөмөлдөгөн элдик бийлик орноткон болобуз. Президент да, парламент да жоопкерчиликти сезип, жакшы иштей башташат.
Эмне үчүн баары ичип жеп алып, жооп бербестен кетип калып жатышат?
Эл тараптан сурак жок болгондуктан ошондой болуп жатат.
Эгер ушул система кирсе, жыл сайын элдин көзөмөлүндө болуп турушат. Сол чөнтөкө солонуп кеткен акчалар беш алты жыл өткөндөн кийин ачылбастан, жыл сайын элдин көзөмөлүндө болот.

Азыр биз парламенттик эмес же президенттик эмес башкарууда жашап жатабыз.
Жоопкерчиликти сөзсүз бирөө алыш керек.
Парламент жоопкерчиликти ала албайт. Муну мен эки жолу парламенттин бир мандаттуу жана партиялык тизме менен казанында кайнап, башымдан өткөргөн, өз көзүм менен көргөн адам катары айта алам.
Кыргыздар илгертен бери ар бир кырдаалга бир ооз сөз менен баа берип, сөз баккан элбиз. “Көп суур ийин казбайт” деп коет. Мына ушул сөз эле жетиштүү айтып турат.
Мисал келтирейин. Беш партия парламентке өтүп келди дейли. Учөө биригип коалиция түзөт. Мамлекетти үчкө бөлүп алышып, айыл өкмөттөргө чейин кадр коюп жатышат. Шоопурларды деле министр кылып жатышат, трактористти деле министр кылып жатышат. Айтор баш аламан. Эмне десе, биздин партияга чуркаган дешет же лидер фракциянын тууганы болуп чыгат. Менин досума кызмат жетпей калды дешип, мушташкан күндөрү да болот. Жыйынтыгында мамлекеттин иши жылбай турат. Ар бир тармакта сөзсүз ошол тармак боюнча билим алып чыккан адистер иштөөсү зарыл. “Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” дейт.

Суроо жаралышы мүмкүн. Президенттик башкаруу болсо узурпация болот же бир эле адам түбөлүк президент болуп олтуруп алат деп. Биринчиден, баш мыйзамга бир эле адам үчүнчү ирет президент болуп шайлана албайт деп жазып койсок болот. Экинчиден, жылда курултай көзөмөлгө алып турса, узурпация кыла албайт. Иштей албаса эки-үч жылдан кийин деле отставкага кетирсе боло турган система болот. Ошондо эл көчөгө чыгып, “кетсин” деген ураандар болбой, президент менен парламенттин тагдыры жыл сайын курултайдын тараза ташына түшүп турат. Бири-бирибиз менен эрегишип олтурбай, ушул системага үч айдын ичинде өтүп кетсек болот. Баардык даяр долбоорлор бар. Бир жылдан кийин баардык жактан дүркүрөп өсүү жагына жемишин бере баштайт эле.
Сот системасын бир айдын ичинде реформа жасап койсок болот. Эрк гана керек.

Урматтуу курултайдын катышуучулары!

Бул менин жеке көз карашым, жеке позициям. Беш жылдан бери айтып келе жатам. Сөзсүз ушундай башкаруу система болсун деп жеке көз карашымды таңуулагандан алысмын. Чечимди албетте сиздер кабыл аласыздар. Бирок мен көрүп турган өнүгүү жолуна түшчү, эффективдүү башкаруу системасы ушул.
Убакытты чектеп койгонуңуздарга байланыштуу кыскача оюмду айттым.
Баарыңыздарды терең урматоом менен
Садыр Жапаров.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: