“Эмне үчүн Акаев менен Бакиев келе алышпай, мекенинен алыс качып жүрүшөт, себеби бүгүнкүдөй элдин пикирин угушкан эмес. Элдин оозун жаап, милиция менен кууп, клубдардын баарын бербей, бүгүнкүдөй жакшы сунуштарды уккусу келбей жүрүшкөн – бул негизги себеби. Бул кечээгибиз. Ал эми бүгүн өзүңөр билгендей бул жерде каршылар жана каршы эместер, баары келишти. Анткени бийликке ыймандуу адам келди”, – деп билдирди бүгүн, 24-ноябрда экс-КСДПчы депутат Исмаил Исаков Бишкекте өткөн элдик курултайда.
“Мурунку ыймансыз бийлик, адилетсиз бийлик ыймандуу адамды колдойт беле, колдобойт да, кантип ыймандууну колдосун? Ошондуктан “Жээнбековду Атамбаев алып келди” дегенди токтотушубуз керек. Ал сүрөгөн эмес, эл сүрөгөн, мына, мен да сүрөгөм! Атамбаевдин учурунда СДПКнын ичинен Атамбаевге каршы пикир айтып жүргөн мен да Жээнбековду колдогом. Экинчиси, Атамбаев “Жээнбековдун шайлоо алдындагы рейтинги 3% эле болчу” деп жатат, ыймансыз бийликтин өкүлү минтип ыймандуу бийликке баа берет беле? Эмне үчүн ушинтип айтып жатат, себеби, “мен сени президент кылдым, мен сени башкарам” дегени. Бирок ыймандуу адам анын бул кылыгына көнөт беле, көнбөйт болчу. Кантип эле премьер-министр болуп турган адамдын рейтинги 3%га түшсүн? Жок эле дегенде 50% болот. Мындай калпка чекит коюшубуз керек”, – деди Исмаил Исаков.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ