Menu

Жалал-Абадда 6 адамды бычактаган кылмышкер өмүр бою эркинен ажыратылды

Бөлүшүү:

Жалал-Абад облусундагы  Базар-Коргон районунда эркек киши бычак менен 6 адамды жарадар кылды. Алар: аялы анын  үй-бүлөсү жана эки кошунасы. Кошунасынын бири ооруканага бара жатып, жолдон каза болгон. Бул кылмышты жасаган адам өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу соттун чечиминде кабарланат.

Окуядагы адамдардын аты өзгөртүлдү.

Марс аялы менен урушуп кетип, аялы ата-энесинин үйүнө кетип калган. 2018-жылдын 21-февралында Базар-Коргон базарынан Марс бычак алып, бир бөтөлкө спирт ичимдигин ичет. Саат 22:30 чамасында Сейдикум айылына аялы менен сүйлөшкөнү барат. Ал жакка жеткенден кийин дагы бир бөтөлкө ичимдик ичип, андан соң кайнатасынын үйүнө барат. Кайнатасы Марска үйгө кирүүгө уруксаат берет. Үйгө киргенден кийин Марс кайнатасын ур-токмокко ала баштайт. Кайненеси болсо аларды токтотууга аракет жасаганда, Марс аны бычак менен урат. Андан соң кайнатасын да, кайра кайненесин да  бычак менен бир нече жолу уруп жиберет.

Бул ызы-чууну уккан Марстын аялы жана 6 жаштагы иниси бөлмөдөн  чуркап чыгышат. Марс аларды да бычак менен бир нече жолу урган.

Бул маалда кайнатасы үйдөн чыкканга үлгүрүп,  жардам сурап кыйкырат. Жардамга эки кошунасы келип  токтотоюн дегенде, мас абалындагы Марс  аларды да бычак менен уруп, жарадар кылат. Андан соң үйгө канжалап жаткан аялын сабаганга кирип кетет.

Окуянын жыйынтыгында кылмыш кылган адам камакка алынган.

Ал жарадар кылган 6 адам райондук ооруканага оор абалда жеткирилген. Кошуналарынын бири ооруканага бараткан жолдон көз жумган.

Кылмыш болгон күндүн эртеси, күнөлүү адамдын чөнтөгүнөн баңги зат табылган. Ага карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин бир нече статьясына ылайык кылмыш иши козголгон.

Соттук отурумда айыпталуучу 6 адамды бычак менен ургандыгын моюнуна алган, бирок баңги затты алып жүргөндүгүн четке кагат.

Жалал-Абад облусунун соту эки тараптын оюн угуп, биринчи инстанциядагы чечимди өзгөртүп, М.Б.ны өмүр бою эркинен ажыратуу жана мүлкүн канфискациялоо чечимин чыгарды.

Кыргызчалаган: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: