Беларустун борбор калаасы Минск шаарында Евразия Экономикалык Биримдигинин катышуучуларынын Өкмөт башчылары жолугушат. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, эртең премьер министр Мухаммедкалый Абылгазиев ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешине катышат. Отурумдун катышуучулары ЕАЭБ өлкөлөрү арасындагы кызматташууну чыңдоого багытталган актуалдуу маселелерди талкуулашат, анын ичинде каржы рыногунун концепциясы тууралуу долбоорду кароо жана 2017-2018- жылдары ички рыноктогу тоскоолдуктарды жоюу боюнча жүргүзүлгөн иш аракеттердин отчетун угуу күтүлүүдө.
“Жумушчу сапардын алкагында Мухаммедкалый Абылгазиев Минск шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы парктын салтанатуу ачылыш аземине катышып, Беларусиянын жогорку технологиялар паркына, ГС1 Автоматтык идентификациялоо ассоциациясына, “Великий Камень” идустриалдык паркына жана агрокомбинатка барат” – деп айтылат маалыматта.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ