Menu

Нарын облусундагы ыйгарым өкүл Аманбай Кайыповго кабыргадан коюлган суроолор – Нарындын кире беришиндеги эки илбирстин элеси талкаланганы калды, качан карайсыз?

Бөлүшүү:

Нарын областына губернатор болуп Аманбай Кайыпов келгенден бери бир топ убакыт өттү. Бирок алгылыктуу кадамдарын азырынча байкай элекпиз. Аш-тойдон башы чыкпай эле келе жатат. Башкасын айтпаганда дагы өткөндө ММКларга Нарындын кире беришиндеги эки илбирстин элеси түшүрүлгөн таш куйманын кейпи боюнча узун сабак кептер айтылды. Босогону иреттей албаган жетекчинин ички саясатын айтпасак да түшүнүктүү да. Чындыгында эле Кайыпов келгени Нарында эч бир жылыш болгон жок. Башка региондор өңдүү элдин турмушун оңдой турган программалар аткарылмак турсун жазыла да элек. Баягы, өлбө жаным өлбө деген өп-чап тиричилик уланууда. Буга өкмөт чекит коюш керек. Качанга чейин калкты какшаткан кашаң кадрды кармайт?

—Аманбай Кайыпович, Нарындын кире беришиндеги эки илбирстин элеси урап түшкөнү калды, качан карайсыз? Анан жыл башында нарындыктардын алдында ооз толтурган чоң убаданы берип, Турцияга эт экспорттойбуз дегенсиз. Ал эмне болду, же катардагы эмчек эмизген, элди алдаган оюн болгонбу? Азыр теңир-тоолуктардын жаздан берки мээнетинин үзүрү кайтпай, өндүргөн картөшкөлөрүн сата албай отурат. Бул боюнча жетекчи катары кандай аракеттерди жазап жатасыз?

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: