Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унаалар жолду тороп калышты. Бул тууралуу транспoрт жана жолдор министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Төө-Ашуунун түштүк тарабында оор жүк ташуучу унаалар жолдо токтоп турат. Бирок айдоочулары жок. Министрликтин адистери божомолдогондой, алар унаалары бузулуп, же майлары тоңуп калгандыктан, машинелерин таштап кетишкен.
Трассада калган унаалар жолдун дээрлик бир бетин толугу менен тосуп калган. Анын айынан башка унаалар каршы тилкеге чыгууга аргасыз болуп, тыгын пайда кылууда.
Транспорт министрлиги айдоочулардан жол кырсыктарын алдына алуу максатында Төө-Ашуу аркылуу өткөн Ош-Бишкек трассасында жүрүүдөн убактылуу баш тартууну суранууда.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ