Menu

Видео – Парламентте Камчыбек Жолдошбаев менен Ашырбек Темирбаев кайым айтышты

Бөлүшүү:

Бүгүн Жогорку Кеңеште депутат Камчыбек Жолдошбаев менен Өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаев кайым айтыша түшүп, эл өкүлү өкмөт өкүлүн СССР убагындагы саясий ишмер Анастас Микоянга салыштырды.

“Биз бул жерде Ашырбек Мойдуновичке кайрылып жатабыз, ал болсо жакшы укпай калган окшойт. Ашырбек Мойдунович бизде Медет Шеримкуловдун убагынан бери иштеп келатат. Мен ага канча деген суроолорду бердим, бирок жооп келген жок. Балким, сиз мындан ары башка багытта кетээрсиз? Болбосо,  сыналгыдан көрүп алып, премьер-министр кыйын иштеп жатканын айта бересиз. Ал жерде чындыктын баары көрсөтүлбөйт да. Биз берген маалыматты дагы текшерип турбайсызбы, балким, биз калп айтып жатабыз? Илгери Ленинден баштап Брежневге чейин иштеген Микоян деген адам бар эле. Сиз андай болбой, биздин өкмөттүн мүчөсү болуңуз, же болбосо ордуңузду жаштарга тарттырып жибересиз” – деген Камчыбек Жолдошбаев.

Ага жооп катары Ашырбек Темирбаев: ”Рахмат, сиздин билдирүүңүздү эске алам. Сиз экөөбүз бирдей жаш курактабыз. Кулагымды болсо, дарылатып алам”, – деп какшык ыргыткан.

Булак:KygyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: