Menu

Токмокто күйөөсү аялын кызганып, жат эле жигитти ур-тепкиге алып, телефонун тартып алган

Бөлүшүү:

Токмок шаарында талап-тоноого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы бүгүн, 21-январь күнү билдирди.

Маалыматтар боюнча, 4-январь күнү милицияга 23 жаштагы жергиликтүү С.Х. аттуу тургун арыз кайрылып менен, аны ур-тепкиге алып, телефонун уурдап кеткен белгисиз адамга карата чара көрүүнү суранган. Окуя 3-январда болжол менен саат 22:30да болгон.

КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 201-беренеси (талап-тоноо) боюнча сотко чейинки өндүрүш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Токмок шаарынын милиция кызматкерлери аталган кылмышка шектүү деп 28 жаштагы К.Д. аттуу шаардын тургунун кармаган.

Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, кылмыш иши кызганычтан улам болгон. Кармалган жаран жабыр тарткан тургундан аялын кызгангандыктан ушундай ишке барган.

Азыркы учурда кармалган шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Сотко чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − 95 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: