“Кыргызстандагы буудай айдаган чарбалар кыйын абалга туш келди. Алардан буудайды арзан сатып алышып, кайра анын калдыктарын кымбат сатышат экен. Мына, мага арыз түштү, “Акун” фирмасы кыргыздын фермерлеринен буудайдын 1 килосун 9 сомдон сатып алып, аны тегирменге тарткандан калган калдыгын – улпагын гана кайра фермерлерге 1 килосун 11 сомдон сатат экен. Бул эмне деген шумдук?” – деп билдирди бүгүн, 29-ноябрда КР Жогорку Кеңешинин “Өнүгүү” фракциясынын депутаты Камчыбек Жолдошбаев.
“Калдыгы 11 сомдон болуп жатса, анда таза уну канча сомдон сатылат?” – деди Камчыбек Жолдошбаев.
Эсиңиздерге сала кетсек, “Акун” фирмасы парламенттин КСДПчы депутаты Чыныбай Турсунбековго таандык экени белгилүү.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ