Чач боёк колдонгондугунан улам франциялык студенттин башынын формасы өзгөрүп, лампочкага окшоп калган. Бул тууралуу Le Parisien сайты жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, ал боёкту супермаркеттердин биринен сатып алып, колдоноордун астында боёкко карата аллергиясынын бар же жоктугун текшере турган тест жасаган. Тесттин жыйынтыгын эки күн күтүшү керек болчу. Бирок, ал күтпөстөн, 30 мүнөттөн кийин эле чачын боегон.
Бир нече сааттан кийин кыздын бети жана башы шиший баштаган. “Тез жардам” кызматынын дарыгерлери ага керектүү таблеткаларды беришкенине карабай, кыздын абалы оорлой берген. Адегенде тили шишип, башынын шишигени дагы уланган.
Кийинки күнү аны ооруканага жаткырышып, парафенилендаминге аллергиясы бар экендигин аныкташкан. Узак убакытка созулган дарылоодон кийин гана кыздын башынын формасы калыбына келген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ