Каржы полициясынын жетекчиси Бакир Таировдун өлкөдөн чыгып кетишине тыюу салынса да, Эстонияга иш сапар менен кеткендиги белгилүү болду. Бул маселени депутат Жанар Акаев кечээ, 29-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүп, чек ара кызматкерлерин катуу сындады.
23-ноябрда Бакир Таировду Кыргызстандан чыгарбоо боюнча чечим Биринчи май райондук соту тарабынан чыккан.
“Силердин шылтооңор бүтпөйт. Соттун чечими карапайым чортамандарга иштеп, чоңдорго иштебейби? Чечим 23-ноябрда чыккан. Андан бери канча убакыт өттү. Кооптуу саясатчылар тууралуу жарым сааттан кийин эле билесиңер, бир апта мурда болгон нерсени кантип билбей каласыңар? Мындай маселеде Кыргызстандын бардык жарандарына бирдей мамиле кылышыңыздар керек”,-деди Ж.Акаев.
Ал эми бул маселе боюнча чек ара кызматынын өкүлү: “Биринчи май райондук сотунун чечими бизге кеч келди. Бул тууралуу биз кабардар болгон эмеспиз”, – деп актанды.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ