Menu

Катардагы КСДПчылар депутат Ирина Карамушкинага: “Шакал! Сен, Атамбаев баш болуп шакалсыңар!” деп кыйкырышты

Бөлүшүү:

28-ноябрда Бишкектеги “Достук” мейманканасында өтүп жаткан КСДПчылардын “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын съезди башталар алдында ал жерге чакыруусуз кирип барган КСДПчы депутат Ирина Карамушкина “съездди мыйзамсыз өткөрүп жатасыңар, силер КСДПнын мүчөлөрү эмессиңер!” деп ишти бүлгүнгө учуратуу аракетин жасады. Делегаттар КСДПнын мүчөсү экенин далилдеген партиялык күбөлүктөрүн көрсөтүшкөндө  депутат Карамушкина: “Биз силерге учурунда көп материалдык жардам бергенбиз, эми аны унуттуңар!” деп кекетип кыйкырды.

“Тескерисинче биз силерге жардам бергенбиз, силер бизди алдап кеттиңер. Шакал! Сен Атамбаев баш болуп шакалсыңар! Бизди алдап кеттиңер шакалдар! Революциянын идеалдарын алдап кеттиңер!” деп кыйкырып турушту. Экинчилери, Ира, сен Атамбаевден алган акчаңды актап иштеп жатасың, алкаштын акчасына иштеп жатасың!” – деп андан ары оозго алгыс  сөздөр менен тилдешип, чоң ызы-чуудан кийин депутат Ирина Карамушкинаны съездди таштап чыгып кетүүгө аргасыз кылышты. Бул окуяны – КСДПчылардын жаңжалын чагылдырган видеотасма азыр интернетте кеңири тарап жатат.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 14 = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: