Menu

Жалал-Абадда биринчи жолу абакта отургандарды эркиндикке даярдоо борбору ачылды

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарында №10-түзөтүү мекемесинде эң биринчи жолу абакта отургандарды эркиндикте жашоого даярдаган ресоциализация борбору ачылды. Мекеменин ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров катышты. Анын айтымында, кээ бир абакта отургандар азыртадан баштап эле атайын окууларды башташты.

Бул маселеге тиешелүү мыйзам 2019-жылдын 1-январынан тарта иштей баштайт. Окутуу борбордо азыркы учурда көркөм искусство жана жеңил өнөр жай ишмердүүлүгүн үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк бар.

“Абакта жаткандарды эркиндикке даярдап, алардын жумуш табуусуна жардам берүү биздин максат болуп саналат. Жеңил өнөр жай тармагындагы жумуш менен “Келечек” мамлекеттик ишканасы камсыз кылууда. Жабдууларды, тигүүчү материалдарды ишкана алып келет. Азыркы убакта 9 тигүүчү машина иштеп жатат. Келечекте ресоциализация борборундагыларды айлык акы менен камсыз кылуу планы бар”  – деп билдирди Т.Жапаров.

Кыргызстандагы абактагыларды эркиндикке даярдоо борбору чет элдик донорлордун каражатынын жардамы менен курулду.

Кыргызчалаган:KyrgyzToday

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: