Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 2020-жылдын 4-октябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жѳнүндѳ «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынын жетекчиси Т.Асанбеков кол койгон кабарлама келип түштү. Бул тууралуу КР БШК маалымат бѳлүмү билдирет.
Партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл катары Чонмурунов Нарынбек Омурбековичти, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл катары Урдавлетов Руслан Саадатовичти дайындаган.
Конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 1,2-бѳлүктѳрүнѳ ылайык Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү шайлоо дайындалган күндѳн тартып башталат жана шайлоо күнүнѳ чейин 45 календардык күн калганда, б.а. 2020-жылдын 20-августунда аяктайт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ