Menu

Атаандаш партияны ким түзүүгө кудурети жетет?

Бөлүшүү:

Сонун идея айткандар жерге батпай калды. Өткөндө бийликтен четте калгандардын, дайыма акыл айтып жүргөндөрдүн жыйыны болуп өттү. Эми ар ким өзүнүн деңгээлине ылайыктуу пикир, сунушун айтты. Анын баардыгы эле олуттуу деп айтууга тил кыска. Кээ бирөөлөр өзүнүн жеке таарынычын ортого салып кимгедир ачууланды. Экинчиси жөн эле отурду деп айтпасын деген ниетте эптеп бирдемкени жамакташтырды. Артта калып сүйлөгөндөр да капа болгонун ачыктап кетишти. Эмнеси болсо да жалаң экстер чогулуп алып расса ачылышты, чачылышты.

Ошентсе да Роза Отунбаеванын ортого салган пикири бир аз орчундуурак сезилди.  – “Эгерде 2020-жылга чейин КСДПга тең чамалаш партия түзө албасак булар дале болсо бийликтин тактысын эч кимге бербейт. Өзүлөрү эле жеңишке жетишип төргө жайгашып алып башкаларды каакымдай үйлөп каалагандай башка чай кайнатаары турган иш. Ошол үчүн мээни оң жагына тегеретип кубаттуу партия түптөшүбүз кажет”-дегендей түр көрсөттү апчебиз. Учурда каттоодон өткөн аты бар сапаты жок партиялардын саны эки жүздөн кем эмес. Тилекке каршы кагаздын бүктөмүндө саргайып жаткан партиялардын таасири нөл. Анда өзгөчөлөнгөн партияны ким түптөгөнгө чамасы келет. Феликс Куловдунбу, Равшан Жээнбековдунбу, Чолпон Жакупованынбы, Исхак Масалиевдинби, Абдыганы Эркебаевдинби? Укмуш делгендердин дагы кимиси калды? Жетимиштин оокатын жеп жүргөн апчебиз деги кайсы мамлекетте жашоосун өткөргөнүн унутта калтырдыбы? Кеп ушунда жатат. Дагы бир айта кетчү жагдай кимисинин болсо деле амбициясы аттын башындай экени талашсыз. Демек, булар бир партиянын “короосуна” чогула алышпайт. Лидерликти талаша берип ашмалтайы чыгат. Керек болсо төрттүктөр союзунан деле жарака кетерин көргөнбүз. Мен деп көкүрөгүн каккандар Роза айымдын кебин этибарга алышка убактысы да, каалоосу да жок. Ушундан улам Отунбаеванын көксөгөнү жүзөгө ашпайт дегенге негиз бар. Антсе да кыялданып койгондорду айыпка жыгуу туура болбой калат.

Булак: Ачык сөз 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: