Menu

ТИМ: Франциядагы КР элчиси “Франция-Кыргызстан” бизнес кеңешинин төрагасы менен жолукту

Бөлүшүү:

2018-жылдын 1-декабырнда Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси А.Исаевдин Франциянын «MEDEF International» ишканалар кыймылынын «Франция-Кыргызстан» бизнес кеңешинин төрагасы Кристоф Фонтейн мырза менен жолугушуусу болду.

Аталган жолугушуунун жыйынтыгы боюнча, 2019-жылдын январь-февраль айларында «MEDEF International» компаниясынын базасында, Кыргызстанда иштөөгө кызыкдар болгон француз компанияларынын өкүлдөрү үчүн бизнес-семинарды уюштуруу, ошондой эле, алдыда боло турган жогорку деңгээлдеги иш сапарлардын жүрүшүндө, 2019-жылдын ичинде ири кыргыз-француз бизнес-форумун биргелешип уюштуруу жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасындагы кыш мезгилиндеги туристтик тармактарын өнүктүрүүгө француз компанияларынын жана туристтик ассоциацияларынын катышуу мүмкүндүгү дагы талкууланды. Фонтейн мырза өз кезегинде бул маселеге кызыгуусун билдирди жана француз Альпы тоолорундагы ири тоо лыжалык курортторду башкарган, Европанын эс алуу тармагында 25 жылдан ашык убакыттан бери алдыңкы оюнчу болуп эсептелген «Companie des Alpes» француз компаниясын мисал келтирди. Фонтейн мырза бул маселени толук изилдеп чыгаарын жана кышкы туризм тармагындагы француз компанияларын 2019-жылы «MEDEF International» компаниясында өтө турган бизнес-семинарга чакыра тургандыгын белгиледи.
Жолугушуунун аягында Фонтейн мырза, «MEDEF International».компаниясынын алдындагы «Франция-Кыргызстан» бизнес кеңешинин төрагасы катары, Парижге келген Кыргызстандын делегациялары үчүн жолугушууларды жана таанышуу сапарларын уюштурууга даяр экендигин белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 + = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: