Чаткал районунда бүгүн, 3-декабрь таң эрте башталган нааразычылык митинги уланууда. “Эти Бакыр” компаниясынын кызматкерлери менен урушуп кеткен 14 жигит камакка алынган. Милиция кызматкерлери камалгандарды бошотуусун Терек-Сай айылынын тургундары талап кылууда.
Нааразы болгон эл жол жээгине боз үй тикмек болуп жатканда, милиция кызматкерлери барып, ага уруксаат бербей коюшкан.
Чаткалдагы акцияга байланыштуу маселени депутат Жанар Акаев да Жогорку Кеңештин комитет жыйынында козгоду. “Өкмөт өкүлдөрү, облустук өкүлчүлүктөн адамдар барып, элди токтотуп, маселени чечиши зарыл. 15 баланы кечээ камашты. Бирок, камоо менен маселе чечилбейт. Элдин талабын угуп, бир пикирге келиш керек”,- деди депутат.
Азыркы убакта, өкмөт тарабынан кандай чаралар көрүлөрү белгисиз.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ