Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков «Социалдык ишкерлер ассоциациясы» жана «Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясы» коомдук уюмдарынын өкүлдөрүн кабыл алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-декабрда Майыптардын эл аралык күнүнө байланыштуу «Социалдык ишкерлер ассоциациясы» жана «Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясы» коомдук уюмдардын өкүлдөрү Мирбек Асангариев  жана Сейнеп Дыйканбаева менен жолугушту.

Мирбек Асангариев менен Сейнеп Дыйканбаева коомдук уюмдарынын аткарган иштери жөнүндө кыскача маалымат беришип, социалдык саясат тармагында жалпы абал тууралуу айтып беришти.

Алар негизги ресурстарды жана жардамдарды чындап буга зар болгондор алып, аларга татыктуу жашоо деңгээлин камсыздоо максатында ар бири бул жашоодо өз ордун таап, коомго керектүү сезиши керектигин белгилешти. Майып балдары бар үй-бүлөлөрдү колдоо, анын ичинде мындай балдарды баккан ата-энелерге эмгек акысын төлөө маселелерин айтышты.

«2019-жылдын январь айынан тартып, майып балдарды баккан ата-энелер эмгек акысын ала баштаары белгилүү болду. Бул абдан чоң жеңиш, майыптыгы бар адам толук кандуу жашай алышы үчүн мындай үй-бүлөлөрдү биздин өлкөдө колдой баштагандары жакшы жөрөлгө», — деп белгиледи Сейнеп Дыйканбаева.

Мамлекет башчысы Мирбек Асангариевге жана Сейнеп Дыйканбаевага коомдогу аярлуу жарандардын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоого багытталган иш-чаралары, жумуштары жана бул багыт боюнча мамлекеттик органдарга даярдаган сунуштары үчүн ыраазычылык билдирди.

«Майыптарга карата жасалган мамиле — коомдун гумандуулугунун көрсөткүчү. Мамлекетибиздин милдети — аларга колдоо көрсөтүп, көмөктөшүү менен чектелбестен, жашоосуна, эмгектенишине, социалдык жана маданий талаптары аткарылышына тиешелүү шарттарды түзүп берүү. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарыбызга жардам көрсөтүү — мамлекетибиздин социалдык саясатында мындан ары дагы артыкчылыктуу багыттардын бири болуп кала берет», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент алардын демилгелерин колдой турганын билдирип, сунуштарын ишке ашыруу үчүн тиешелүү чаралар көрүлө турганын белгиледи.

«Турмуштук кыйын кырдаалдарга карабастан майтарылбас эркин, кайратын көрсөткөн сабырдуу жана түшүнүктүү жарандарыбызга урмат көрсөтүп, таазим этебиз. Алдыңыздарга асыл максаттарды коюп, мамлекеттин, коомдун колдоосуна таянып, келечекке ишеним менен караңыздар», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Сооронбай Жээнбеков жолугушуунун соңунда Мирбек Асангариев менен Сейнеп Дыйканбаевага Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааттарын тапшырып, аларга чың ден соолук, иштерине ийгилик каалады.

Маалымдама:

Социалдык ишкерлер ассоциациясы 2012-жылы түзүлүп, Борбордук Азия боюнча социалдык ишкердикти жайылтып, мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарды ишкерлик менен алек болууга чакырып, аларга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү менен алектенет. 2018-жылдын 19-ноябрында республикалык деңгээлде өткөрүлгөн Кыргызстан жаштарынын Конгрессинде сунушталган беш долбоордун бири болгон жаштарды жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды жумуш орду менен камсыздоо долбоору Социалдык ишкерлер ассоциациясы тарабынан даярдалган. Коомдук уюм аркылуу 2 миңден ашык адам окуудан өтүп, 70ке жакын социалдык ишканалар ачылды.

«Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясы» 20 жылдан бери өз ишмердигин жүргүзүп келет. Билим берүү жана илим министрлиги жана «Сорос-Кыргызстан» фонду менен биргеликте ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн мектепке чейинки даярдоо программанын долбоорун кыргыз тилинде иштеп чыккан. Бул коомдук уюм тарабынан Кыргызстанда алгачкылардан болуп ден-соолугунун абалы оор балдар менен иштөө борбору ачылган.

Бүгүнкү күндө республикада 181,4 миң ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам бар, анын 29,8 миңи — балдар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − 78 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: