2019-жылдын 5-ноябрында вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова төрагалык кылган туризмди өнүктүрүү маселелерин координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү. Ага маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов да катышты. Бул тууралуу Туризм департаменти билдирди.
Жыйын жүрүшүндө 2019-жылдын жайкы туристтик сезонунун жыйынтыгы чыгарылып, кышкы сезонго иш-чаралардын долбоору каралды.
“Алты айдын аралыгында Ички дүң продукцияга карата туризмдин үлүшү 4,3 %ды түзгөн. Тогуз айдын аралыгында алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген кишинин саны – 6 млн 184,6 миң адам. Былтыркыга салыштырмалуу 1 млн кишиге көбөйгөн. Туристтик ишмердүүлүктөн январь-август аралыгында 80 млн сом салык төлөмдөрү түшкөн. Былтыр салык – 76 млн 286,5 миң сом эле. Демек, 4 млн сомго көбөйгөн”. – деди вице-премьер-министр айым.
Булак: KyrgyzToday.kg.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ