Menu

Кыял Сабирахунова, ЭлТРдин Жалал-Абад облусундагы аймактык кабарчысы: “Журналисттик кесип мен үчүн сыймык”

Бөлүшүү:

8-декабрь теленин күнү. Теле тармагында иштөө абдан татаал, оор. Мына ушул оордугуна карабай иштеп келе жаткан кесиптештерибиз аябай көп. Алардын бири Кыял Сабирхунова.  Өзүнүн назик аял экенине карабай үй-бүлө күтүп, оор жумушту аркалап келе жатканына 20 жылга чукулдап калды. Теле күнүнүн урматына кесиптешибизди кепке тарттык.

– Эже, билинбегени менен теледе жүргөнүңүзгө жыйырма жылга жакындап калыптыр…

-Теле тармагында жүргөнүмө 17 жыл болду.Алгач КТРКдагы “Замана” студиясынан баштагам. ЭлТРде эмгектенгениме 13 жылдын жүзү болду. 8 жылдан бери Жалал-Абад облусундагы аймактык кабарчысы болуп иштейм.Телевидениенин айымдар үчүн оордугу мурда көп деле билинчү эмес. Азыр балдар чоңоюп, үй-бүлө түйшүгү менен алардын да убаракерчилиги артты. Убакыт жетиштире албай кыйналып кеткен учурлар болот. Теленин жумушу өз мыйзамында чектелбейт деп жазылган. Майрамбы, дем алуу күнбү, ар дайым даяр турабыз. Мисалы, чек ара маселесиби же башка ишпи, түн ортосу да жумушка жөнөш керек болгон учур болот. Өзүмдүн иш тажрыйбамда эч качан майрам күндү үй-бүлөм менен тоскон эмесмин. Ар дайым жумушта болом.

—Чыгармачыл үй-булөдө чоңойгон экенсиз?

—Журналистика менин жүрөгүмө жакын тармак болду. Ошондуктан мен бул тармактан кете алган жокмун. Ал эми чыгармачылыкка келсек, мен өзүм чыгармачыл үй-бүлөнүн кызымын. Атам Ленинграддан театралдык институтту бүтүп келген. Өз кесибинин профессионалы, мыктысы эле. Кыргыз жергесине биринчилерден болуп аккордеон үнүн жаңырткан атам менен Рыспай Абдыкаров болгон. Кенедей кезибизден аккордеондун үнү менен ойгонуп, аккордеондун үнү менен уктачубуз. Жети бир тууган катар жатып, аркы бөлмөдө репетиция кылып жаткан Рыспай Абдыкадыров, Мамат Оморовдордун ыргактарын угуп жатчубуз. Үч аккордеон менен жаңыртып отуруп менде шык пайда болду. Менин таяке журтум Аксы эли дагы өнөрдү баккан эл болгон. Алардын колунда жомок угуп чоңоюп, бул жактан алган музыка, ал жактан уккан жомок мени ушундай жакшы чыгармачыл чөйрөгө алып келди. Ошентип журналист болом деген дээримден кайткан жокмун. Телевидениеде иштегендердин 80-90%ы таланттар.

—Сиздин бир гана калем кармабай, комуз чертип ырдаарыңыз да белгилүү…

—Журналист болгон мен үчүн сыймык. Журналистикада өзгөчө кабарчылардын жумушу оор. Алардын кыйынчылыктуу азаптарынан жадаганда комуз чертип ырдап, ыр жазып, эргип эс алып калам. Телевидение менин тагдырлашым, сыймыгым деп айтып келем. Себеби, кээ бир кызматкерлер үчүн карьера биринчи орунда турат. А мен үчүн экөө бирдей. Анткени ушул кесипке окуп жатып, турмушка чыккам. Өмүрлүк жолдошум менин телесиз жашай албасымды ошол кезде эле түшүнгөн. Жолдошум да убагында ушул тармакта иштеп жүргөн. Кийин башка тармакта иштеп жүрүп, азыр кайрадан теле тармагында эмгектенүүдө. Ошондуктан үй-бүлө биздин экинчи коллектив сыяктуу. Балдарым дагы үйрөнүп калган. Телевидениенин терминдери менен сүйлөшөт. Бир сөздү бирөөгө айтып бар десең, «монтаждайынбы, же сырой эле айтайынбы» – деп сурашат. Телевидение менен кошо ооруп калдык. Кесиптештер бир туугандарым. Биздин теленин келечегине чогуу баш оорутабыз.

—Чакан үй-бүлөңүз тууралуу да айта кетсеңиз. Журналистикада жүрүп бүлө күтүүнүн оор экенин көп айтышат. Сизде кандай?

—Кудай сактасын, менде кыйынчылыктар боло элек. Жолдошум да ушул тармактан болгондуктан, түшүнүшүп жашап жатабыз. Кайын журтумдан дагы дайыма колдоо алам. Эгерде күйөөм олтур үйдө десе, эмне кылмакмын. Эржан уулум 7-класста окуп жатат. Ош шаарындагы Исхак Раззаков мектебинде билим алат. Мүнөзү шум, бетке айткан бала. Мени апам “кичинекейим» деп эркелетип калат. Бир күнү теригип кетип, мени эмне кичинекейим дей бересиң десем, сиз эмне өзүңүздү чоң элестетип жатасызбы? Сиздин боюңуз кичинекей, сиз бийик такалуу бут кийим кийип эле узун болуп жүрө бересиз дейт. Кичүү уулум болсо 5 жашка чыкты. Өзүм балдарымды кечинде уктап калышканда, эрте менен да уктап жатканда өөп алам. Чоң баламды сырттан келгенде өпсөм, апа мен чоңойдум деп жактырбагандай түр көрсөтчү. Анан бир күнү уктап жатканда өпсөм, уктаган жеринен сүйкүмдүү жылмайып, «апа мени дагы деле жакшы көрөсүзбү» – деп коёт.

—Журналистикада журүп саясатка аттанып кеткендер жок эмес, сизде да ушундай кыялдар болсо керек?

—Генерал болгусу келбеген аскер, аскер эмес деп коюшат го. Билген кишиге биздин иш деле саясатчылардан кем эмес. Өтө оор жоопкерчиликтүү жумуш. Атым айтып тургандай эле кыялкечмин. Менин кыялдарым кыялдай укмуш, тимеле. Жетекчи болууну кыялданып калам. Микрофон кармап эле жүрө бербестен, бир ишкананы калчап турчу мезгил жеттиби деген ой келет. Биз саясат менен аралашып жүргөндүктөн акыркы мезгилдерде саясий ишмердүүлүк жөнүндө да ойлонуп жүрөм.

—Журналистиканын түйшүгүнөн тажаганда кетип эле калсамбы деген күндөр болобу?

—Мен аябай ыйлаакмын. Жетекчибиз Айбек Мусаев урушса деле ыйлай берем. Көп жолу телени таштап кетсемби деген учурлар болду. Кетпейм деп, акыры чыйралып иштей баштадым. Сабырдуулук, чыдамдуулук жашоонун берекеси экенин сезип, көп жакшы адамдардан сабак алдым.

Автор: Сезим Мураталиева

Булак: Мантыш

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: