Menu

Бишкекте жаңы ордо аянтчасы ачылды

Бөлүшүү:

Бишкекте Улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекциясы жана «Ордо оюну» спорт федециясы тарабынан жаңы ордо аянтчасы ачылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка караганда, ордо аянтча Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде жайгашкан.

Аталган жайдын ачылышына Улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекциянын директору Токсонбай Асанов, «Ордо оюну» спорт федерациясынын президенти Таалайбек Айталиев, Улуттук университеттин ректору Канат Садыков, спортчулар жана коноктор катышкан.

Кошумчалай кетсек, ордо оюну боюнча президенттин Кубогу башталды. Ага Ош, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Талас облустарынан жана Бишкек шаарынан 72 спортчу катышууда.

Булак: Мантыш

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: