Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) Чүй облусунун Жайыл жана Панфилов райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери Республиканын транспорттук контролунун пункттарындагы мыйзамсыз иш-аракеттерди аныктоо, бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын “Чалдыбар” ветеринардык, фитосанитардык контролунун жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Чүй облусунун Панфилов районундагы “Чалдыбар” салмак көлөмдүк контролдун кызмат адамдары боюнча материал чогултушкан, алар кызматтык абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, мамлекеттин кызыкчылыгына карабастан республиканын чарба жүргүзүүчү субъекттеринен жана жеке ишкерлеринен акча опузалап талап кылышкан.
https://www.youtube.com/watch?v=vYj98RtIqrk
ЭККМК чогулткан материалдар боюнча Чүй облусунун прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-бер. 2-б. (кызматтык абалдан кыянаттык менен пайдалануу) жана 313-бер. 1-б. (опузалап пара талап кылуу) ылайык кылмыш ишин козгоду.
Ушул жылдын 1-декабрында тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүү учурунда “Чалдыбар” ветеринардык, фитосанитардык контролдун тескөөчүсү жана “Чалдыбар” салмак көлөмдүк контролдун улук тескөөчүсү кылмыш убагында кармалышкан.
Азыркы убакта тергөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ