2018-жылдын 6-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМинин имаратында Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору К. Асанов менен Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ха Тэ Ё мырзанын жолугушуусу болду. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууга Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин биринчи катчысы Ким Хён Джонг да катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө кылмыштуулук менен күрөшүү, коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча эки өлкөнүн кызматташуусун бекемдөө жана Кыргыз Республикасындагы Корея Республикасынын жарандарынын коопсуздугун камсыздоо боюнча маселелер талкууланды.
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары К. Асанов Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги Корея Республикасынын полициясынын иш-тажрыйбасын терең изилдөөгө кызыкдар экендигин белгиледи.
Жолугушунун аягында Курсан Асанов көп жылдардан берки пайда болгон жылуу мамиле эки тараптуу кызматташууну бекемдеп, өнүктүрүүгө түрткү берет деген ишенимин билдирди. Жолугушуу жылуу, достук маанайда өттү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ