Menu

Каныбек Исаков, Билим берүү жана илим министри: “Мен чечкиндүү аракеттерге барам. Иштин кызыкчылыгын дайыма алдыга коём”

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаттары Билим берүү жана илим министринин кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлигин бир добуштан жактырды. Аны парламентке вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова тааныштырды. Исаковду бул кызматка премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев көрсөткөн. Каныбек Исаков 2011-жылдан бери Ош мамлекеттик университетинин ректору болуп иштеп келген. Мурдагы министр Гулмира Кудайбердиева 4-сентябрда өзү берген арызынын негизинде кызматынан бошотулган. Жаңы министр болчу Каныбек Исаковдон ишти эмнеден баштаары, тармакты көтөрүүдө кандай кадамдарга барып, кантип реформа жасаары тууралуу кебин уктук.

– Каныбек мырза, депутаттардын колдоосу менен билим берүү жана илим министрлиги кызматына колдоо таап келип отурасыз. Ишти эмнеден баштайсыз?

– Чынын айтсам, бул кызматка өтө чоң толкундануу, кыжалат менен баратам. Бирок, мен бул системанын ичинде жүргөн адаммын. Кайсы жерде кандай кемчиликтер бар экенин, кайсы жерде кандай ийгиликтер болгонун да жакшы билем. Мага депутаттар, коомчулук, соцтармактар, пресса тарабынан дагы ишеним артылып, түүрдүү милдеттер коюлуп жатат. Мен биринчиден, канткенде кыргыз билим берүү тармагы жеткиликтүү болуп, балдардын, ата-энелердин талаптарын канааттандыра турган деңгээлге жетерин далилдешим керек. Ошондуктан, биринчи ишим – балдар бакчаларына жана мектептердеги билим берүүгө көңүл буруп, өтө чоң приоритет берем. Ошол жерлердеги баардык көйгөйлөрдү тизмектеп, аныктап алып, анан тийешелүү адистер менен кеңешип иш алып барам. Эң башкысы, мектеп мугалимдерине, бала бакча тарбиячыларына позитив, дух беришибиз керек. Алардын көңүлүн көтөрүп, жаңылануу башталгандыгын, аларга жакшы көңүл бурула тургандыгын сездирип, ишеним беребиз.

– Сизди министрликке ким сунуштады?

– Өкмөт башчы сунуштады.

– Өкмөт мугалимдердин айлыгын көтөрүүнү убада кылды го?..

– Мугалимдердин айлык маселеси министрге байланыштуу эмес. Бирок, биз өкмөттүн алдына, тийиштүү жетекчилердин алдына маселе коюп, чечтиргенге жетишебиз деп ойлойм. Октябрдан тарта маяна 30 пайызга көтөрүлүшү – бул позитив. Бирок, биз ошону туура бере алабызбы же кемчиликтер кетип калабы? Мени кооптондуруп турган ушул болуп жатат.

– «Билим берүү системасы начарлап кеткен» деген сындар арбын. Системаны канчалык өзгөртө аласыз, кандай кадамдарга барасыз?

– Чечкиндүү аракеттерге барам. Себеби, иштин кызыкчылыгын дайыма алдыга коюп келген адаммын. Жакшы иштеп жаткан кадрларга тийбейм, тескерисинче, иш-аракеттерин колдойм. Бүтүндөй өмүрүн арнаган, тармактын есүшүнө тажрыйбасын,
эмгегин арнагандардын өзөгүн сактайм. Анан мүмкүн керектүү кадрларды тартам. Менин мүнөзүмдө, дегеле иш стилимде ушундай – жаш муунду, жаш кадрларды тартам. Аларды тажрыйбага каныктырып келген практиканы ОшМУда деле колдонуп келгем. Анүстүнө Бишкекте адистер, кадрлар жетиштүү. Региондордогу жакшы кадрларды чакырышым мүмкүн. Жок эле дегенде, алардында кеп-кеңештерин, ой-пикирлерин угуп, реформаны ишке ашырууда колдонууга дайыма даярмын.

– Сизге чейинки жетекчинин дарегине коомчулуктун сын пикирлери туура болгон дейсизби?

– Коомчулуктун пикири “туура эмес” деп айтпайм. Демек, коомчулукта сөз болсо, аларды туура кабыл алышыбыз керек.

– Сизге да сындар болсо, кандай кабыл аласыз? 

– Мен ишке кирише элегимде эле сындар айтыла баштады. Эгер сындар негиздүү айтылса, сөзсүз түрде жүрөгүмдөн өткөрүп кабыл алам. А эгер жөн эле каралоо, жамандоо, кандайдыр бир кызыкчылыктар болсо, анда аларды четке кагам.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: