Menu

Калдарбек Баймуратов, “Республика – Ата-Журт” фракциясынан ЖК депутаты: “Туризмди өнүктүрүү үчүн оболу аэропортту жандандыруу зарыл”

Бөлүшүү:

– Калдарбек Шакирович, транспорт комитетинде абдан жакшы маселе көтөрдүңүз. Азыр чын эле Ош аэропортунун мүмкүнчүлүктөрү жетишерлик деңгээлде пайдаланылбай жаткандай.

– Кыргызстандын калкынын тең жарымы түштүк регионунда жашайт. Азыр көбүнүн балдары чет өлкөлөрдө жашашат, окушат, чет өлкөлөр менен карым-катнаш көп. Ошолордун баары машина менен келип, Бишкектеги «Манас» аэропортунан учат. Ошто болсо совет доорунда баардык стандарттар менен курулган, кийин модернизация болгон даяр аэропорт турат. Ошол аэропортту колдонуш керек. Эгер аны колдонсо, көп жүргүнчүлөр Оштон эле учуп кетишмек. Натыйжада «Манас» аэропорту жеңилденмек. “Аэрофлот” компаниясы Ош аэропортун абдан жакшы колдонуп атат. Себеби, алар анализ жасап, көп каттам Ош, Баткен, Жалал-Абад жактан болорун билишти.

– Азыр Ош аэропортунан кайсы чет өлкөлөргө каттамдар бар?

– Мурда Кытайдын авиакомпаниясы Үрүмчүгө уччу. Ал токтоп калды. Андан кийин Стамбулга уччу. Аны да токтотуп коюшту. Биз «эмне үчүн бул каттамдарды токтотуп койдуңар?» деп комитеттен кайра-кайра айтып жатабыз. Жок дегенде ошол эки каттамды кайра калыбына келтирүү керек. Оштон Индияга, Кореяга, Бириккен Араб Эмираттарына, Японияга учса болот. Эгер бул каттамдар ачылса, жаңы мейманканалар курулуп, кошумча жумушчу орундар пайда болмок. Ошто Сулайман тоо сыяктуу тарыхый жерлерибиз бар. Ошко келчү туристтер, Алайдагы Ленин пиги сыяктуу бийик чокуларга чыгууну каалаган альпинисттер Ташкентке же Анжиянга келип конуп, анан машина менен келишет. Эмне үчүн аларды түз Ошко келип коно тургандай кылсак болбойт? Туризмди өнүктүрүү үчүн биринчи аэропортту жандандыруу керек.

Маектешкен: Аттокур Жумаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: