Menu

Нариман Түлеев: “Бишкек ТЭЦи боюнча абакта олтургандарды сырттагы бир адам: “кичине чыдап олтура тургула, жакында революция кылып бошотуп алабыз” деп сооротуп жатат”

Бөлүшүү:

“Азыр Бишкек ТЭЦи жана башка кылмыштар боюнча абакта олтургандар жеген эмес, ал акчалардын баарын бир адам жеген, эми ал сыртта, эркиндикте туруп алып “балдар, бир аз чыдап олтура тургула, жакында революция кылып, силерди бошотуп алабыз!” деп сооротуп жатат”, – деп билдирди кечээ, 6-декабарда Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев журналист Бермет Букашеванын “Секреты власти” телеберүүсүндө.

“Биз бул бийликти кичине коркутуп анан силерди бошотуп алабыз” деп жатат менимче. Бирок андай болбойт. Элдин баары билиш керек, мобу “тизме-гейт” сыяктуу бийликке каршы чыгарылган маалыматтардын баары бул шантаж үчүн чыгарылып жатат. Ушундай шантаждар менен абакта олтурган балдарын эркиндикке чыгарып алуу гана максатын көздөйт”, – деди Түлеев.

“Мен бир нерсеге таң калдым. Атамбаев менен самолетто учуп баратып “Мен абакта олтурганда мен үчүн камалган балдардын баарынын айыппулун төлөп чыгарып алдым, сен УКМКада олтурган өзүңдүн балдарыңдын айыппулун төлөп чыгарып аласыңбы?” деп сурасам, “жок, менде акча жок” дейт. “Мультимиллионермин” дейт бирок ал үчүн абакта олтурган балдарды чыгарып алуу үчүн акчам жок дейт. Ушунчалык да сараң болобу…”, – деди экс-мэр Нариман Түлеев.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 30 = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: