Menu

Тойдо тост сүйлөп, таң атканча караокеде чер жазган депутат, вице-премьер жана экс-генпрокурор

Бөлүшүү:

Жакында Илим жана билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева уулун үйлөп, Акүй менен Көкүйдөн кадырлуу конокторду топ-топ кылып чакырат. Эски бийликтин эркеси аталган Индира Жолдубаева дагы ал тойго сыйлуу конок катары чакырылгандардын арасынан орун алат. Той өз нугунда өтүп, коноктор эки жашка деп тост айтып, рюмкаларын кагыштырып көңүлдүү олтурушат. Баарынан кызыгы той бүткөндөн кийин уланып жатпайбы. Жакшы эле күүлөнүп алгандарды ким токтотмок элек. Ичтеги нерсе кытыгылап жаткан соң бир орунда туруу кыйын эмеспи. Канат Керезбеков, Алтынай Өмүрбекова, Индира Жолдубаевалар кечени улантыш үчүн караокеге барышып, таң атканда тарашыптыр. Иштей берип эзилгендерди бекерчиликтен зериккен Жолдубаева жакшылап черин жазып койгонго жараса керек деген ой жаралууда.

Булак:”Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: