Menu

Фото – ИИМ системасында жаңы жетекчилер дайындалды

Бөлүшүү:

ИИМ: ИИМдин Борбордук аппаратынын бөлүмүнүн жана Бишкек ШИИББдин  жетекчилигине өз кесибинин кесипкөйлөрү катары белгилүү болгон адамдар  дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жетектөөчүлүк кызматына дайындоо жөнүндө буйрукка кол койду.

ИИМдин кеңешмесинин кичи залында Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев жана Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Курсан Асанов Кыргыз Республикасынын ИИМдин Борбордук
аппаратынын өздүк курамын жаңы жетекчилер менен тааныштырды.

-Кыргыз Республикасынын ИИМдин Башкы штабынын башчысы болуп мурда  Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күбөлөрдү коргоо мамлекеттик  башкармалыгынын башчысы кызматын ээлеген Куренкеев Сталбек Кубанычбекович дайындалды;


–  Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күбөлөрдү коргоо мамлекеттик  башкармалыгынын башчысы болуп мурда Бишкек ШИИББдин башчысы кызматын  ээлеген Рахманов Сталбек Кеңешбекович дайындалды;


– Бишкек ШИИББдин башчысы болуп-мурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын башчысы кызматын ээлеген Джумагазиев Канат Сагынович  дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев ИИМдин  бөлүмдөрүндө кадрдык өзгөрүүлөргө Кыргыз Республикасынын ички иштер  органдарын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жашыртуу, сапаттуу кадрдык  курамды түзүү керектиги себеп болгондугун белгиледи.  Жетектөөчүлүк
курамдын ордун алмаштыруу кадрларды тандоону жакшыртууга багытталган.  Бүгүнкү күнү  практикалык иш-аракеттерди жүргүзүүгө убакыт келип, ИИМдин Борбордук аппаратынын бөлүмүнүн жана Бишкек ШИИББдин  жетекчилигине өз кесибинин профессионалдары катары белгилүү болгон адамдар дайындалды. Ички иштер органдарын реформалоодо ведомствонун жетекчилиги  республиканын ыкчам кырдаалын туруктуу сактоо үчүн алдыңкы кызматтарга сапаттуу курам келишине өзгөчө көңүл бурууда.  Кайрадан дайындалган жетекчилер  түзүлгөн кырдаалга жаңы көз караш менен карап,  көйгөйлөрдү көрүп, аларды чечүүнүн жолун табууга мүмкүнчүлүк болот. Министр Кыргыз Республикасынын ИИМдин Башкы штабынын, Бишкек ШИИББдин, ИИМдин Күбөлөрдү коргоо мамлекеттик башкармалыгынын жана ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ишине токтолуп, штаб бул-Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын мээси деп эсептөөгө болоорун белгиледи. Аталган бөлүм ИИМдин тутумунун өнүгүшүнө ондогон жылдар аралыгында зор салымын кошуп жаткандыгын айтты.

Андан сырткары коомдук-саясий туруктуулукту сактоо, коомдук жайларда жана көчөлөрдө кылмыштарды жасоого бөгөт коюу, алардын бетин ачуу, алдын алуу боюнча Бишкек шаарында өткөн жылы Бишкек ШИИББдин коомдук коопсуздук сактоо багыты ыкчам-алдын алуу иш-чаралары тынымсыз өткөрүлдү
жана бул багытта иштерди күчөтүү керек. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын  Жол кыймылынын эрежелерин бузгандарга карата профилактикалык жана административдик
чараларды көрүүлөрүнүн натыйжасында республиканын жолдорунда жол унаа кырсыктарынын абалын турукташтырууга мүмкүн болду. Статистикалык маалыматтарды талдоо көрсөткөндөй, жол унаа кырсыктарынын жана жол-транспорттук кырсыктардан жаракат алуулардын көрсөткүчү төмөндөдү. Жол унаа кырсыктарына алып келген  ЖКЭни одоно бузгандарды аныктоо боюнча жүргүзүлгөн бүтүндөй комплекстүү иш-чаралардын натыйжасында кырсыктарды турукташтырууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

“Кадрдык мыкты резервдер ички иштер органдарынын маанилүү булагы болуп эсептелинет жана коомдогу  укуктук тартипти камсыздоону жакшыртат.  Ошондуктан Ички иштер министрлигинин алдына коюлган тапшырмаларды ийгиликтүү аткарууда  ички иштер органдарынын кадрдык абалынан көз каранды. Биз жаңы дайындалгандар менен ыкчам-кызматтык тапшырмаларды аткарууда  жаңы ыкмаларды иштеп чыгуу боюнча көптөгөн тапшырмалар турат. Бир максаттагы бир команда болуп иштеп кетээрибизге толук ишенем.  Биздин башкы максатыбыз- Кыргыз Республикасынын жарандарынын бейпилдиги жана коопсуздугу, ошондой эле коомдук тартипти камсыздоо”-деп белгиледи Кашкар Джунушалиев.

Андан соң Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев  Бишкек ШИИББдин өздүк курамына жаңы жетекчисин тааныштырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 + = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: