Menu

Табып Хашим Зайналиевге карата кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Көк-Жардык Хашим аты менен белгилүү табып Хашим Зайналиевге карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИБнан кабарлашты.

Маалыматка караганда, кылмыш ишин козгоого табып бир жаш кызды натуура дарылагандыгы жана анын дарыгерлик ишмердигинин мыйзамсыздыгы тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги жөнөткөн кат негиз болгон.

“Кылмыш иши КР кылмыш-жаза кодексинин “мыйзамсыз дарыгерлик кылуу”  беренеси боюнча козголду. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Жабыркаган наристенин ата-энеси милицияга кайрылган эмес” – деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, ноябрь айында Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар онкологиясы бөлүмүнө оор абалдагы кыз келип түшкөн. Иликтөөнүн натыйжасында кыздын ата-энеси аны ооруканага алып барбай, элдик табыпка дарылатып жүргөндүгү аныкталган. Оору өтүшүп кеткендиктен кыз көз жумган.

Айта кетсек, Хашим Зайналиевге каршы ушул кезге чейин анда дарыланган бир да адам арыз жазган эмес. Анын дарыгерлик ишмердигине каршы пикирлер, арыз, сындар 2016-жылдан бери негизинен кесипкөй врачтар тарабынан айтылып, жазылып келет. Андай арыздарда табып жарандарды талапка жооп бербеген шарттарда кабыл алып, туура эмес дарылагандыгы, ал тургай, айрым бейтаптары каза болгондугу айтылат. Бирок, жабырлануучу катары анын үстүнөн эч ким укук коргоо органдарына арыз жазбагандыктан, элдик дарыгерге карата кылмыш иши козголбой келген.

Ошол эле кезде Х.Зайналиев врачтар “айыкпайт” деп, чыгарып койгон онкологиялык дартка чалдыккан оорулууларды дарылап жаткандыгы, алардын ичинен айыгып кеткендер көп экендиги тууралуу маалыматтар да бар. Мисалы, өткөн аптада анда дарыланып жаткан оорулуулар дарыгер бир жактуу караланып жатат деп, ЖМК өкүлдөрүнө кайрылуу жолдошкон. Андан сырткары, табып Х.Зайналиев да өзунүн “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу Президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоду. Кайрылууда өзүнүн дарылоо ыкмасынын артыкчылыгы, аны азыркы медицина кабыл алып, колдоого албай жаткандыгы тууралуу да айтылат.

Булак:KyrgyzToday    

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 78 = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: