Menu

Кыйшыгы түзөлбөгөн “коопсуз шаар”

Бөлүшүү:

Бул жолу да «Коопсуз шаар» долбоору аягына чыгаары күмөн болуп калды. “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырганы жаткан Россиянын “Вега” радиокуруу концерни АКШнын санкциясына кабылганы маалым болду.

АКШнын Соода министрлиги 25-сентябрда “Вега” радиокуруу концерни” компаниясына санкция киргизди. Анда буга себеп катары “америкалык улуттук кызыкчылыктарга” коркунуч туудурганы айтылды. Ошондон улам “кара тизмеге” кабылган компания «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырууга кудурети жетеби деген маселе коомдо кызуу талкууланууда. Ошого карабастан, кыргыз өкмөтү аталган компания менен келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Натыйжада, дээрлик 6-7 жылдан бери коопсуз шаар долбоорун ишке ашыра албай аксап, улам бир көйгөйгө тушугуп, сындан арыла албай келе жаткан кыргыз өкмөтү бул жолу да төө бастыга калды. Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитети болсо, келишим кабыл алынгандан кийин тиешелүү иш-пландар бекитилип, аталган компания алгачкы иши катары жабдууларды орнотууну баштаарын айтып ынандырууда. Акыркы жолу өкмөттүн кеңешмесинде премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев зарыл процедураларды кыска мөөнөттө аяктоону жана долбоорду ишке киргизүүгө зарыл ченемдик укуктук актыларды кабыл алууну тездетүүнү тапшырган.

“Коопсуз шаарды” ишке ашырууга тендерде 2 млрд. 320 млн. сом коюлган болсо, долбоорду 1 млрд. 195 млн. сомго аткарып бермекчи болуп тендерден уткан. Россиялык “Вега” радиокуруу концерни” компаниясы азырынча Кыргызстанда өкүлчүлүгүн ача элек. IT технологиялар жаатындагы адистер санкцияга кабылган компания менен иштешүү кыйын болоорун, анткени АКШ жана Европа өлкөлөрү менен карым-катыш кыла албаса, ал жактан жаңы технологияларды кантип алып келет деген маселени кабыргасынан коюшууда. Буга байланыштуу «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырчу компания КМШ өлкөлөрүнөн эле эски технологияларды алып келип орнотуп коюшу мүмкүн деген күмөнсүнүү жаралууда. Ошол себептен, аларга салыштырмалуу биздин Кыргызстандагы компаниялар АКШдан, Европадан жаңы технологияларды алып келүүгө мүмкүнчүлүгү жетээрин, андыктан “Коопсуз шаарды” жергиликтүү компаниялар ишке ашырса жакшы болмоктугун белгилешүүдө. Бул жагдай маалыматтык коопсуздук маселесиндеги талаш-тартышка да чекит коймоктугун жүйө келтиришүүдө.

Ырасында, «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу милдети чет өлкөлүк компанияга жүктөлгөнү коомчулукта эки ача пикирлерди жараткан. Өзгөчө маалыматтык коопсуздук эмне болот деген суроого жооп издегендер тынчсызданган. Өкүнүчтүүсү, «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырчу “Вега” радиокуруу концерни” негизинен Орусиянын Коргоо министрлиги, Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) жана Ички иштер министрлиги менен көбүрөөк иштешээри айтылып, маалымат коопсуздугу чындап коркунучта калганы айтылууда. Ал түгүл айрым саясатчылар, Орусиянын компаниялар технология жана менеджмент жагынан бир топ артта калганын, ансыз деле Кыргызстан Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) көзөмөлүндө жашаарын, эми ал аз келгенсип бийликтин “Коопсуз шаарды” да өткөрүп берип жатканы көз карандысыздыгыбызды толугу менен Москвага өткөрүп берип жаткан көрүнүш катары баалашууда.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 7 = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: