Menu

БШК: “Ата-Мекен” партиясы парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди

Бөлүшүү:

“Ата-Мекен” саясий партиясы шайлоого катышуу ниети менен БШКга кайрылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымы боюнча, 4-октябрда боло турган парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген “Ата-Мекен” саясый партиясынын билдирүүсү жетекчиси Өмүрбек Текебаевдин колу менен келип түшкөн.

Партия Абдикеримов Ильязбек Чидербековичти шайлоонун ыйгарым укуктуу өкүлү, Динара Кувайбековна Кулжанованы каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып дайындады.

КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча конституциялык Мыйзамдын 60-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү шайлоо белгиленген күндөн башталат жана шайлоо күнүнө 45 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2020-жылдын 20-августунда аяктайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: