Menu

Фото – Гүлзат Мамытбек болочок күйөөсүнүн сүрөтүн жарыялады

Бөлүшүү:

Мотивациялык тренер жана видеоблогер Гүлзат Мамытбек болочок жолдошунун сүрөтүн жарыялады.

Ал Хуан Буэндиа аттуу АКШлык кинорежиссер. 35 жашта, Эквадордо туулган. Анын атасы испан, апасы эквадорлук. Ошондой эле, ал Гүлзат Мамытбек оюндагы идеалдуу эркектин 40 талабына жооп берет. Хуан Буэндиа саякаттоону жактырат, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө болгон.

Гүлзат Мамытбектин айтымында, болочок жолдошу менен Эквадордо жаңы клип тартып жатканда таанышкан. Жакында ал ырын презентациялайт.

“ Ал клип адам ар дайым күчтүү болушу керектиги жөнүндө. Мен аны кыргыз, англис жана испан (Эквадор) тилинде ырдайм. Эквадордо досторум бар, ошондуктан клиптин айрым кадрлары ошол жерде тартылган. Хуан менин досторумдун тууганы экен, ал мага жардам берүүнү сунуштады. Ошентип таанышып калдык. Биз бирге болушубуз керек экенин дароо түшүндүк. Ал менин колумду сурады” – деп билдирди Гүлзат Мамытбек.

“Жакында ал Кыргызстанга келет, ошондо биз баш кошобуз. Кийин бул жерде жашайбыз. Европалык стилде үлпөт той өткөрөбүз, бирок азырынча күн жылып, ыңгайлуу атмосфера орногончо күтө турабыз” – дейт ырчы.

Гүлзат Мамытбектин айтымында, болочок жолдошу экөөнүн  өмүргө болгон көз карашы окшош.

“Ал Голливуддун мыкты режиссеру аталып, “Оскар” сыйлыгын алууну көздөйт. Мен дагы “Оскарды” алып,  Голливуддун мыкты актрисасы жана ырчысы аталгым келет. Биз Ысык-Көлдө жаңы Голливуд курабыз. Колубуздан келет деп ишенем,” – дейт ал.

Буга чейин ал жакшы көрүп жүргөн америкалык киноактер Том Круз Гүлзатты эми кызыктырбайт.

“Том Круз кечикти. Анын үстүнө анын кыялы чатак деп уктум” – деп билдирди Гүлзат Мамытбек.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: