Menu

Алмаз Атамбаев: “Нариманга бакылдабай арманың болсо айт десем, үч саат армандарын төгүп айтып атты”

Бөлүшүү:

“Бир чети Нариман Түлеевге боорум ооруйт, самолетто отурасам, аркамда бирөө бакылдап аткан. Карасам, Түлеев экен. Анан ишаарат кылдым, кел деп. Келип, жаныма отур десем отурду. Бакылдабай арманың болсо айт десем, үч саат армандарын төгүп айтып атты”, – деп билдирди кечээ, 10-декабрда Алмаз Атамбаев өзүнүн жеке менчик “Апрель” телеканалына берген интервьюсунда.

“Эми, ал айткан сөздөрдү айтсам өзү ыңгайсыз болгону турат. Бир чети аяп да жатам Нариманды. Эмне дээр элем, бирок эми калп айткан жагынан Барон Мюнхаузенден да ашып кетиптир. Аман эле болсун”, – деди Атамбаев.

Ага жооп кылып Нариман Түлеев “Бул тууралуу жазбай эле коюуну ойлогом, бирок азыр айтууга туура келди.  Ооба, биз Атамбаев экөөбүз жолдо баратып көп нерселер тууралуу сүйлөшкөнбүз, бирок ал көп ичип алганынан эмне деп сүйлөп жатканын өзү билбей калган. Стюардесса Атамбаевдин орундугу менен учактын кухнясынын ортосунда чуркап эле жүрдү. “Аэрофлоттон ” сурап көрсөңөр,  алар 22-октябрь күнү учкан Бишкек-Москва каттамынын 1881-рейсинин 1F жүргүнчүсү канча ичкендигин айтып беришет.

Медицинада алкоголдук көз карандылыктын бир нече көрсөткүчтөрү бар. Алардын негизгилери дал ошол акыл эстен адашуу жана жалгыздыкта ичүү болуп саналат. Мен ичпеген адам экенимди көпчүлүк билет, ал эми анын ичкендигин мен жада калса анын өзүнүн менчик телеканалындагы дебаттардан да эске салып берем. Мен Атамбаевге “цивилилдүү адамдар” сыяктуу телевидениеден жолугууну сунуштайм, ошондо мен ал канча ичкенин, учурдагы президент жөнүндө эмне деген жаман сөздөрдү айтканын, алтургай Путин эмне деп жамандаганын эсине сала алам”, – деп жазды.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 47 = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: