Ооган согушуна катышпаган генерал Рыспек Мирзаматовго дагы кылмыш иши козголду. Буга чейин анын согушка катышпай эле, өзүнө жалган күбөлүк жасатып алып, 8 жылдан бери мамлекеттен ай сайын 6 миң сом пенсия алып келгени маалым болуп, бул факты боюнча кылмыш иши козголгон болчу. Мирзаматовго “Ооган согушуна катышты” деген дагы бир жасалма күбөлүктү 2006-2007-жылдары Коргоо министринин биринчи орун басары – (Куралдуу күчтөрдүн штабынын начальниги) болуп иштеген генерал Замир Молдошев жазып берген экен. Ал Чек ара кызматынын Кадрлар боюнча башкармалыгынын мурунку башчысы полковник Чалданбаевден да “согушка катышкан” деген жалган документ жаздырып алган. Демек, бул маселеде генерат Замир Молдошев менен полковник Чалданбаевдин да жоопкерчилиги каралышы зарыл. Бирок бир эмес, эки кылмыш иши козголгон Мирзаматовдун эркиндикте жүргөнү кайсы акылга сыят? Же тиешелүү жерлерге ооз басырык кьшып, тамактарын татынакай кылып, “майлап” жатабы?
Булак: “Багыт”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ