Menu

Инвесторлорду үркүтүп алып, саясый пиар жасадык

Бөлүшүү:

Чаткал. Терек-Сайдагы кенден жаңжал чыгып, эки жаат кагылышты. Инвестициялык климатка коркунуч жаралганы айкын. Жергиликтүү тургундарга ИИМ күч колдонду, камалчусу камалды. Депутаттар менен айрым саясый күчтөр адатынча ыңгайдан пайдланып, бул окуяны жеке пиарлары үчүн пайдаланышканы өкүнүчтүү.

Натыйжада, баары эле күнөөлүү тарапты издегендер. Актанмайлар. Эске салсак, кен байлыктардын айынан мындай чатактар бүгүн эле чыга калган жок. Тогуз-Тородогу алтын комбинаттын өрттөнүшү, Шамбе-Сайдагы элдин көтөрүлгөнү, Жерүй, Кумтөрдөгү чуулгандуу окуялар. Эл менен инвесторлордун ортосундагы келишпестиктер ар дайым болуп келет. Эмне кылуу керек? Маселенин баары өкмөткө, жергиликтүү аткаминерлерге барып такалат. Эң оболу, аймактардагы кендерди иштетүүдө экологиялык зыяны жок экенин аныктап, казынага канчалык пайда түшөрүн тактап, андан соң инвестицияны тартуу машакатына келишип, тиешелүү өкмөттүн өкүлдөрү ачык-айкын иш жүргүзүшсө, баардык тараптар утмак. Тилекке каршы, бизде дүңүнөн байлыктарыбызды сатышып, лицензияларды берип келишти, анан аягын көрүп атпайбызбы?

Терек-Сайдагы окуя баарына сабак болуш үчүн райондук, облустук башчылардын жоопкерчилиги каралыш керек эле. Эмне үчүн элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн эмес? Кырдаалдын алдын алса болот беле? Болмок. ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиевден баштап, Жалал-Абад облусувдагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, ОИИБ начальниги Кылыч Жолдошов ж.б. аткаминерлер эмнеге жазаланбайт? Баа берилбесе кийин дагы башка аймактарга «вирус» тарай берет да.

Кыскасы, Терек-Сайдагы кагылышуу ансыз да начар инвестициялык абалыбызды ого бетер бүк түшүрдү. Сырттан келе турган бизнесмендер биринчи Кыргызстандагы стабилдүүлүктү, коопсуздукту, о.э. бийликтегилердин иштөө тартибине кызыгышат, анализ кылышат. Ошого жараша өлкөбүзгө инвестициялык жол салынат. Кудай акы, буга чейинки өлкөбүздөгү кен байлыктарга байланыштуу жаңжалдарды көргөн капчыктуу чет элдиктер келмек беле? Айтор, басмачылардан айырмабыз жок тепкилеше берип, баарын үркүтгүк. Азырынча бул тармагыбыз кризиске кептелди. Эми экономикалык өнүгүү кайдан болсун? Жашообуздун оңолбогону ушул да. А саясый пиар жасагандар жыргап атышат…

Автор: Акын Бекчороев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 33 = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: