Menu

Канышай Мамыркулова, журналист: «Келечек муунга Эптеп курсагыбыз тойсун деп жүрө берип, ЭНЕ ТИЛди кордогонбуз деп айталыбы?»

Бөлүшүү:

— Канышай айым, Сиз Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовду жана Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовду кыргыз тилин билүү деңгээли боюнча тесттен өтсүн деп келатасыз. Бирок бул талабыңыз аткарылбай, көңүл бурулбагандай. Анын себеби эмнеде деп ойлойсуз?

— Алгач бул маселеге көӊүл бурган кесиптештердин катарында жалпы “Жаӊы Ордо” гезитинин жамаатына ыраазычылык билдирем. Эми Сиз кайрылган суроого келсек, “Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовду жана Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовду кыргыз тилин билүү деңгээли боюнча “тесттен өтсүн” деген талаптын аткарылбай келе жатышы мамлекеттик органдар тарабынан мамлекеттик тилге болгон кайдыгерлик деп кабыл алууга болот. Себеби 2020-жылга чейин мамлекеттик тилди өнүктүрүү жаатында атайын Улуттук программа кабыл алынып, мамлекеттик бюджеттен 490 миллион сом каражат каралган. Муну айтпаганда дагы, тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июлундагы № 430 токтомунун негизинде “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына талапкерлигин койгон жана аларды ээлеп турган адамдар үчүн мамлекеттик тилди милдеттүү түрдө билүү деңгээли жана көлөмү жөнүндө” жобого ылайык, бул сынак «Кыргызтест» мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо системасы аркылуу өтүп, ошондой эле жобонун 2-тиркемесинин негизинде “Мамлекеттик тилди милдеттүү түрдө билүү деңгээли жана көлөмү” атайын система аркылуу аныкталышы такталган. Мына ушул токтомдун негизинде керек болсо өткөӊ жылы президенттикке талапкерлер “Кыргызтест” аркылуу сынактан өтүп, учурдагы Президент С. Жээнбеков сынак тапшырган. Ал эми Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери бул сынактан четте калып, эми аларга Акыйкатчы кошулду. Эгер биз мындай жол менен кете берсек, эне тилдин кадыры жылдан-жылга төмөндөйт жана мамлекеттик органдар саясаттын гана куралына айландырып алышат.

— Ошол эле учурда Өкмөттү, БШКнын төрайымын, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасын Бишкек мэринин кызматка киришерде “Кыргызстесттен” өтпөй калганына байланыштуу сотко бердиңиз. Сот арызыңызды карап жатабы? Дегеле дале болсо бийликке көз каранды сот адилет чечим чыгарарына ишенесизби?

— Бишкек шаардык райондор аралык соту бул биздин карай турган маселе эмес деген багытта аныктама чыгарган экен, азырынча колума ала элекмин. Ал эми мен кайрылган Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеӊештин регламенти боюнча комитети менин кайрылуумду “иттен чыгарып”, Өкмөткө багыштаптыр. “Ата Мекен” фракциясы бүгүн бул маселени карайт, бул тууралуу кошумча маалымат берейин.

Албетте, сот тармагы ушундай чечим чыгараарына көзүм жетип эле турган, анткени сот тармагынын мындан башка маселелерде деле көз каранды экендигине көз жетип калбадыбы?

— Анткени менен аттуу, баштуу тилчи-окумуштуулар А. Суракматовду “Кыргыз тилин жакшы билет” деген бүтүм чыгарып, “экзаменден” өткөрүшпөдү беле. Алардын “баасын” кандай баалайсыз?

— Мына ошол аттуу-баштуу окумуштуулар укуктук жагдайды жакшы билбеген үчүн мамлекеттик тилдин мамлекеттик органдар тарабынан басмырланышына жол берип, мыйзамсыз ишке аралашып албадыбы? Бул багытта Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча комиссия мына ушундай аттуу-баштуу окумуштуулардын дагы элдин алдындагы эмгегин сыйлап, алардын аброюнун түшүшүнө жол бербей, буга окшогон маселени тыкыр карашы керек.

Суроо туулат, ошол профессор агайлар белгилегендей, мэрлер повесть же роман жазбагандан кийин катардагы тилчилерден комиссия түзүп бере берсин. Эмне себептен жалаӊ ушундай даражалуу аксакалдарды мыйзамсыз иш аракетке аралаштырат? Албетте, бул башка суроо, кеп кезеги келгенде гана учугун айтканга туура келди.

— Адатта өзүн сындаган журналист менен чиновниктер же депутаттар “жең ичинен” сүйлөшүп, маселени чечип алышчу эле, сизге андай сунуштар болгон жокпу?

— Эми Кудайдын алдында калп айтпайын, анча-мынча болду, жеке мамилесине таяп таарынгандарды эске алганда. Бул маселе менен бир топторду таарынтып алдым, бирок өкүнбөйм. Анткени, эне тилдин маселеси энем экөөбүздүн эле маселебиз эмес, элдики, ошондуктан мындай таарынычтарга орун деле жок.

— Дегеле өзүнүн эне тилин билбеген, билсе да эжелеп сүйлөй же даяр докладды окуй албаган чиновниктерге кандай баа бересиз? Жаңылбасам, Мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарына ылайык, жетекчи кызматтагы чиновниктер мамлекеттик тилди жок дегенде сүйлөшүү деңгээлинде билиши зарыл. Бирок иш жүзүндө андай болбой, Өкмөттүн тиешелүү токтомунун аткарылбай атышынын себеби эмнеде деп ойлойсуз?

— Буга эӊ эле тескери көз караштамын. Эне тилди билбеген адам элдин маселесин кантип чечет? Эл менен кантип байланышат? Эӊ эле негизгиси, мамлекеттик идеологиянын бир өӊүрү болгон эне тилди билбесе, калганы тууралуу кандайча кеп кылууга болот? Эптеп эле курсагыбызды тойгузуп, экономиканы алдыга жылдырып иштей берсин десек, анда башка мамлекеттин жарандарын деле чакырып алып иштете берели. Маселеби? Бүгүн ЭНЕ тилди мен барктабасам, сиз барктабасаӊыз, бийликтегилер кайдыгер болсо, эртеӊ келечек муунга эмне дейбиз? Эптеп курсагыбыз тойсун деп жүрө берип, ЭНЕ ТИЛди кордогонбуз деп айталыбы?

Демек, маселе олуттуу. Өкмөттүн тиешелүү токтомунун аткарылбай атышынын себеби, так ошол Борбордук шайлоо комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча комиссиясы жана “Кыргызтест” мекемеси, Өкмөт жана Жогорку Кеӊеш, керек болсо Президент баш болуп эне тилге кайдыгер экендиги, муну ушундай деп эле атоого болот.

Маектешкен А. Белеков

Булак: “Жаңы ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: