Menu

Кундуз Жолдубаева, экс-президент Атамбаевдин кеңешчиси: “Революцияны элге кызмат кыла албаган бийлик өзү жасайт”

Бөлүшүү:

– Кундуз айым, Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалына берген маегинде элден кечирим сурап, былтыркы президенттик шайлоодон адашканын, азыр өкүнүп атканын айтты. Муну менен экс-президент келечекке карай да «сырдуу коңгуроо» кагып койгонсуду… Бул жерде кандай маани жатат деп ойлойсуз?

– Муну түз эле кабыл алыш керек. Чындыгында, былтыркы шайлоодо КСДПдан чыккан бирдиктүү талапкер үчүн бүт команда жан үрөп, катуу иштеди. Мүмкүнчүлүктөр, шарттардын баары түзүлдү. Анан шайлоодон бир жыл өтпөй алдыңкы катардагы партиялаштарыбыз камалып, катардагы мүчөлөргө «Форумга» барбагыла» деп кысым көрсөтүлүп жатса, партиялаштар нааразы болбой койбойт да. Бизге келип, «ушундай кантип болсун?» деп нааразычылыктарын айтып эле жатышат. «Бул бийликтин орношуна силер жооптуусуңар» дешүүдө. Алмазбек Шаршенович кырдаал боюнча бир жыл үн катпай отурду. Анан берген маегинде былтыркы шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдогону үчүн элден кечирим сурады. Бул чоң кадам. Мындайга жоопкерчилигин сезип, кетирген катасын мойнуна ачык алган улуу инсандар гана бара алат. Бул ар кимдин эле колунан келе бербейт.

– Экс-президент маегинде Ахматбек Келдибеков менен Нариман Түлеевди «мамлекеттен уурдап байыгандар» деп сыпаттады. Булар сотко кайрылышса, кандай жооп кыласыздар?

– Убагында Ахматбек Келдибековдун дагы, Нариман Түлеевдин дагы үстүнөн иш козголуп, экөөнө тең коррупция беренеси менен айып коюлган. Керек болсо, соттун чечими да бар. Ушундан эле бүтүм чыгарса болот. Ашыкча комментарийдин кереги жок. Сотко беришсе, алардын өз эрки.

– Атамбаевдин дагы бир бүйүр кызытып айткандары Адахан Мадумаров менен Өмүрбек Бабанов туурасында болду. Экөөнө көзү түз экенин билдирген, аларды кубаттаган таризде кеп таштады… Экс-президент келечекте Мадумаров, Бабанов менен биригүүгө барышы мүмкүнбү? Мындай «Үчилтиктин» түзүлүшү алдыртан эле коомчулукта божомолдоно баштады. Буга сиз кандай ойдосуз?

– Бул эч нерседен кабар бербейт. Алмазбек Атамбаев берилген суроого гана ачык жооп берди. «Чындыкты айтып коюш керек» деген ой менен айтты. Ооба, Бабановго карата козголгон иштер жабылышы керектиги тууралуу үч адамдын ортосунда сүйлөшүү болгон. Бирок, келишим боюнча ким сөзүнө турбай койгонун эл билиши керек.

– Атамбаевдин берген маеги коомчулукта чоң резонанс жаратып, Сооронбай Жээнбеков менен ачык кармашууга өткөнүн ырастап койду. Азырынча маалыматгык согуш күчөп баратат. Кырдаал курчуй берсе, жазында эл көтөрүлүп, бийликке каршы нараазылыктар башталбайбы?..

– Биз жайдан бери эле какшап келатабыз, эч кандай төңкөрүш же революция жасайлы деген оюбуз жок. Алмазбек Шаршенович: «Революцияны элге кызмат кыла албаган бийлик өзү жасайт» деп айтып эле келатат. Андыктан, элдин маанайы бийликтин ишине жана кыймыл-аракетине жараша болот. Экономика өнүкпөй, тескерисинче, артка кете берсе, элдин турмушу начарлай берсе, бийлик абалды оңдоонун ордуна саясый оппоненттерди жоготуу менен гана алек болуп калса, “эл толкубайт” деп ким айта алат? Дагы бир жолу айтып кетейин, сиз айткандай кармашты Алмазбек Шаршенович баштаган жок. Экс-президент баардык көйгөйлөрдү 31-мартта эле ачык айткан. Ошондон кийин эле бийлик тараптан тымызын чабуул башталды. «Форум» ага туруштук гана берүү менен алек болууга аргасыз болуп калды. Керек болсо, «элдешели» деген кадам да адегенде биз тараптан болду. Тилекке каршы, тигил жактан эч кандай жооп да, эч кандай ишара да болгон жок. Алмазбек Шаршенович азыр деле сүйлөшүүгө даяр. Буга айрымдар ойлогондой, өзү үчүн эмес, өлкөнүн кызыкчылыгы, элдин тынччылыгын ойлогону үчүн барганга даяр.

Баса белгилей кетчү нерсе, тирешүү элдин биримдигине доо кетирүүдө. Бул кармашуудан эч ким утуш албайт. Бирок муну бийлик түшүнбөй жаткандай. Кырдаал канчалык курчуган сайын мамлекет эле уттуруп
жатат. Мындан бийликтин гана аброю төмөндөп, элдин ишеними азаюуда.

– Кундуз айым, эми жеке өзүңүзгө соңку собол. Ушундай кыйын шартта Атамбаевдин жанында туруу оор, алтургай коркунучтуу болуп калганда, сиз кадыресе эле маанайда кызматташып атасыз. Кайсы бир тышкы күчтөрдүн кысымына кабылган жоксузбу?..

– Азырынча андай ачык кысым боло элек. Бирок менин артымдан аңдый башташканын билип эле турам. Партиялаштарды колдоо үчүн сотко барып калсам деле, сүрөткө, видеого тартып жатышканын көрөм. Телефонумду тыңшап эле жатышат. Керек болсо менин WhatsАрр, Телеграммамды да бузуп киришти.

Чынын айтайын, партияга кысым күчөп баштаганда, мага айрым санаалаштар айтып эле жатышты: «Ал жактан кетип эле калсаңчы, элдин баары КДСПдан качып атса, сенин партияда калганың кандай?» дешип. Мен партиянын жакшылыгын көрүп, ошо КСДПнын аркасы менен депутат болуп, кызматтан-кызматка көтөрүлүп жүрүп, анан эле анын башына күн түшкөндө 180 градуска бурулуп, чыга качкандардан же «партия мага эмне кылып койду?» деп бүшүркөп калгандардан эмесмин. Менин тарбиям башка. Чоң атам Турдалы Жолдубаев Ак-Талаа районунун Баетов айылынын кадырлуу адамдарынын бири болгон. Ал кишини «кара орус» деп коюшчу. Анткени, өңү кара тору, анан бетке чабар орус мүнөз адам эле. Принципиалдуу, жоопкерчиликтүү, түз жүрүп, таза иштеген адам эле чоң атам. Мен ошо адамдын тарбиясын алгам. Эгер бир чечим кабыл алсам, артка кайтпайм. Мүнөзүм ошондой. Жаңы муундун саясатчылары дагы принциптеринен тайбаган, туруктуу болсо дейм. Ошондо гана Кыргызстанда чыныгы өзгөрүүлөр  болуп, реформалар жүзөгө ашат.

Маектешкен: Асланбек Сартбаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: