Menu

Бакыт Жетигенов, ЖК депутаты: “Биздин тарыхта президентке баш ийбеген бир гана легендарлуу парламент болгон”

Бөлүшүү:

Саясаттагы олку-солку кырдаал, жакында болгон курултай, өкмөттүн иши ж.б. боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Жетигенов агабызды кепке тартып, оюн ортого салдырдык. Баса, Жогорку Кеңеш «буйрук» аткарып калганы тууралуу да сөз козгоп, бекиткен эки өкмөтүнүн жетекчиси темир тор артына киргенин, анын моралдык жоопкерчилиги кандай болорун да суроого кыстардык. Анда кепке кезек берели.

-Бакыт Женишбековнч, ноябрь айынын этегинде бийликтен сүрүлгөндөр (Атамбаев «кузгундар» деп белгилеген адамдар) курултай уюштуруп, бийликке резолюция жолдоду. Алардын арыз-муңу аткарылабы?

—Курултайды ар кайсы топтор өз кызыкчылыгын ишке ашырыш үчүн пайдаланып жүрөт. Жакында дагы бирөө өтүптүр. Анын жалпы элге пайдасы деле болгон жок. Социалдык түйүндөрдө, саясатчылардын арасында анча-мынча сөз жүрсө керек, коомчулук көңүл деле бурган жок. Ошол күнү, эртеси күбүр-шыбыр болгонун уктум. Негизи накта элдик курултай болгон жок да. Таарынгандар жыйын куруптур. Мурунку бийликтин учурунда кызматтан кеткендер, кызмат албай калгандар, анан азыркы бийликтен кызмат алабыз деп үмүттөнгөн адамдар чогулуптур. Эми элден деле уялыш керек да, убагында баары кызматта болушкан, ошондо «өнөрлөрүн» көрсөтпөйбү. Алар кызматта жүрүп кантип байыганын элдин баары билет. Мамлекетти азыркы абалга алып келген ушулар. Анан ошол адамдар бир нерсени кыйратабы? Резолюциялары эч нерсеге жарабайт. Эч ким укпайт.

—Экс-президентке тиш кайраганы туура болдубу?

—Булар бүгүнкү бийликке кантип жагыныш үчүн кеткен бийликти шыбады. Эгер кыйын болсо учурунда айтпайбы. Атамбаев бийликте турганда кимиси ушундай сынды айта алды. Духу да жетчи эмес. Икрамды «шопур» деп жерден алып көргө тыгып жаткандар бир жыл мурун «шопурдун» таманын жалаганга даяр эле. Мен билгенден Өмүрбек Текебаев, Адахан Мадумаров, Артур Медетбеков «шопурлар башкарбаш керек» деп убагында ачык айтып жүрүшкөн. Алар сындаса жарашмак. Кыргызда «жыгылганды теппейт» дейт. Түштөн кийин кыйын болуп тиш салуу – бул «шакалга» мүнөздүү сапат. Идеалдуу эч ким жок. Бардык бийликтин учурунда кемчилик кетет. Шылуундар болуп келген, мындан ары да боло берет. Курчап алгандар башканы жолотпойт, жамандайт. Президентти мактап отуруп реалдуу кырдаалды көрсөтпөйт. Азыркы президенттин тегерегинде дагы ошондойлор үйүлгөнүн угуп жатабыз.

—Тегерегиндегилер бузат дегени турасызбы?

—«Увазир жакшы, хан жакшы» деп бекеринен айткан эмес. Эгер мамлекет башчысына туура маалымат жетсе иши түз кетет. Ошол эле курултайдагы «кузгундар» жетсе бүттү, ишти кыйшайтат. Колтугуна суу бүркүп, кырдаалды курчутуш үчүн көкүтүп жатат.

Экс-президент менен азыркы президенттин ортосундагы ажырымды пайдаданганы жатабы?

—Эми ал көрүнүп турбайбы. Тиреш ачыкка чыгып кетти. Ошондон пайдаланып калалы деген топ-тор көбөйдү. Эл түшүнбөй калды. Алдыда кандай кырдаал түзүлөрүн айтыш кыйын. Бир нече жыл дос болгон кишилердин кырды-бычак абалга барганы акылга сыйбаган жорук болду. Ортодо элдештиребиз дегендер жүрдү, ал ишке ашпаптыр. Эми абал өздөрүнө гана көз каранды. Кырдаалга жараша көрөбүз го. Колдон келсе ынтымакты орнотуш керек. Достукту чыңдап, партиянын максатын ишке ашырса эң сонун болмок. Мен ортодогу кутумдар бузду деп эсептейм. Тигилер кетти эми биз бийлейли дегендердин тилеги ишке ашты.

—Эң негизгиси өлкөгө тынчтык керек да?

—Ооба, мамлекетке тынчтык керек. Ызы-чуу болсо өлкөнүн экономикасы артка кетет. Азыр жыргап жаткан жокпуз, экономиканын абалы өтө начар. Кырдаал курчуп кетсе андан да начар болот. Экономикада өсүш жок, бир да инвестор келбеди. Жакында Дүйнөлүк банк берген 12 миллион жардамды гана ратификация кылдык. Мурда жазында, күзүндө бюджетке улам толуктоо киргизилип, сырттан келген каражаттар менен бекемделчү. Быйыл бирди араң киргиздик. Сырттан каражат келбей калды. Акыркы жылдары Кытай көп колдоп жаткан, ТЭЦ менен шыбагандан кийин такыр бербей калды. Ушул жерден кемчилик кетти. Кытай өкмөтү башка, ТЭЦ башка эле. Берген башка, уурдаган башка эле. Бийлик талаш болгондо катуу кетип калдык.

—Бул өкмөттүн иштебей жаткандыгынын белгисиби?

—Эң алсыз өкмөт болуп жатат. Арзан пиар менен иштеп жатат. Элди алагды кылуу менен алек. Кетерине чукулдап калды го.

—Өкмөттү алмаштыруу менен маселе чечилеби же системада айып барбы?

—Системаны өзгөртүш керек. Биз президенттик же парламенттик өлкө болушубуз керек. Болбосо ушул нерсе кайталана берет. Бийлик эки баштуу болгондо жылыш болбойт экен. Азыркы система «личностко» жараша түзүлүптүр. Президент күчтүүлүк кылып өзүнө буруп кетти, эгер парламент күчтүү болгондо бул жакка оомок. Таза парламенттик башкарууда мындай маселе жаралбайт. Анан бизде партия алсыз деген шылтоо бар. Алсыз партия келсе да башкаруу парламенттик болсо өсөт.

—ЖЭБтеги коррупциядан башка да бөлөк тармактар сазга батып калган, өкмөт бул жаатта иш алып бара алдыбы?

—Майда-чүйдө аракеттер бар, бирок системалуу күрөш жок. Ушундай система түзүлүп калыптыр. Негизи Грузиядагыдай реформаларды жүргүзүш керек эле. Биз реформа дегенди сөз жүзүндө гана айтабыз, иш жүзүндө боло элек. Мисалы, МАИнин атын өзгөртүп койду, бул реформа эмес. Анан коррупция менен күрөшкөндө меники же сеники деген болбош керек. Алсак, ЖЭБ боюнча туура болду, бирок жегендин баарын камаш керек эле, бирок саясий күрөшкө айланган учурлар бар. Жан-жөкөрлөрдү жазалай баштады. Мисалы, Кулматовдун камалышына мен каршымын.

-Кулматовду суракка чакыра элек экен дегсн сөздөр чыкты, туурабы?

—Камалганына эки ай болгондо барып жолуктум, «бир да жолу чакырган жок» деп айтты. Кийин адвокатка жолуксам «4 айдан бери чакырбады» деди. Ушундай жагдайда «бизге бийлик келди» деп ишти ырбаткандар акыры келип жооп берет. Мына Атамбаевдин учурунда кылгылыкты кылгандар жооп берип жатышат. «Всемогущий» Илмиянов камалат деп ким ойлоптур. Азыр түрмөдө отурат. Икрамдын атын айта алчу эмес. Сөз жетип калбасын деп кол менен көрсөтчү. Отуруп калат деп эч ким ойлогон эмес. Анын сыңары эртең далайы бул тагдырды башына кийип калышы мүмкүн.

—Жогорку Кеңешке да коомчулук тарабынан сын айтылып келет, буйрук аткарган парламент болду, бекиткен эки өкмөтүнүн жетекчилери Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев түрмөдө отурат, моралдык жоопкерчилиги бар, тарашы керек дегендей, буга не дейсиз?

—Башкасы келсе деле абал өзгөрбөйт, себеби система ошондой түзүлгөн. Азыркы башкарууда катуу чыккандын мойнун тез эле толгоп коет. Анан ким чыгат? Биздин тарыхта президентке баш ийбеген бир гана легендарлуу парламент болгон. Аны таратты. Парламент күчтүү болсо президент дароо таратат. Бакиевдин учурунда дагы тараткан. Анткени биздеги система башынан туура эмес. Демек, революциядан кийин таза парламенттик башкарууга өткөрүш керек эле. Аралаш деп жатып бүгүнкү абалга алып келди. Азыр ким келбесин кеткен бийликти шыбап жүрүп убакытты өткөрөт. Эртең булар кеткенде кийинкиси шыбайт. Ушул акыйнекке чекит коюш үчүн системаны өзгөртүш керек. Ошондо өнүгөбүз. Ортодо жүргөнүбүз болбойт.

Маектешкен: Зулпукаар Сапанов

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − 16 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: