Menu

Ош облусунда Кыргызстан жана Өзбекстан чектеш облустарынын башчыларынын Кеңешинин экинчи жыйыны эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын төрагалыгы алдында өтөт

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 18-декабрда Ош облусунда өтө турган Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын чектеш облустарынын башчыларынын Кеңешинин экинчи жыйынынын ишине катышат. Өзбек делегациясын өлкө Премьер-министри Абдулла Арипов жетектейт.

Кеңеш 2017-жылдын 5-6-сентябрындагы Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёевдин мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын чектеш облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстан Республикасынын чектеш облустарынын хокимдеринин Кеңешин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандумга ылайык, аймактар аралык деңгээлде байланыштарды өнүктүрүү жана эки өлкөнүн чектеш облустарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү максатында түзүлгөн.

Кеңештин экинчи жыйынынын жүрүшүндө эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулоо пландалууда.

Кыргыз делегациясынын курамына министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле чектеш аймактардын аймактык башкаруу органдарынын жетекчилери кирген.

Булак: gov.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: